Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Директорлор жаңыдан мектепке кирип аткандардан 500 доллардан алышат”

Балбак Түлөбаев: “Директорлор жаңыдан мектепке кирип аткандардан 500 доллардан алышат”

23-май, 19:30
373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, 20 миллион доллардай акча мектеп директорлорунун  жеке чөнтөгүнө түшүп жатканын айттыңыз. Бул кайдан алынган цифра? 

-- Бир мектепте беш-алты класс бар. “А”, ”Б”, “В”, “Г”... Бир сезондо орточо 40-50дөн бала окуйт. Анан ошону беш жүз доллардан эле көбөйтсөңөр. Аны жүзгө көбөйткүлө, себеби, Бишкекте жүз мектеп бар. Директорлор жаңыдан мектепке кирип аткандардан бери эле дегенде 500 доллардан алышат. “Мектепке жардам” деле дебейт, нагло эле сурашат. Болбосо балаңды албай коюшат. Ошондо Бишкек шаары боюнча 20 миллион доллардын тегерегинде акча болот. Мен Бишкек мэриясында аппарат жетекчиси болуп турганда өзүмчө эсептеп көргөм да. Муну элдин баары билет.

-- “Кетпес хан” болуп алган директорлор да арбын го?

-- Бар. Менин күчүм жетпей койгон да. Ошолордун баарын алмаштырыш керек. Реформа жасап, мэрияга караштуу мектептердин баарын билим берүү министрлигине өткөрүү, директорлорду ротациялоо зарыл. Кечээ “тегерек үстөлдө” жакшы пикирлер айтылды. Зыян келтирбей туруп катуу реформага баруу керек. Болбосо билим берүү системасын жоготуп алабыз.

-- Ошондо жетекчиликке жаштарды тартуу керекпи?

-- Тажрыйба керек. “Жаштар, жаштар” деп атып эмне болдук? Мен ушунча жыл көп кызматтарда иштедим, баары бир тажрыйба керек экен. Анан ниет, өлкөгө кызмат кылуу максаты болушу керек экен. Мамлекетке кызмат кыла турган мезгил келди го. Болбосо мындан ары да тереңдеп, абал оор боло  бериши мүмкүн.

-- Анда “замкнутый круг” болуп калабы? Жаштардын тажрыйбасы жок, картаңдар коррупцияга аралашып кетсе...

-- Издеш керек. Жаштардын арасында кыйындары, тажрыйба алгандары бар. Аксакалдардан деле тазалары бар да.


Тизгин

Медербек АЛИЕВ, “Ишеним” фракциясынан ЖК депутаты: “Курултай   кеңеш берүүчү орган катары чектелиши кажет”

-- Медербек Кубанычович, тармактык комитет элдик курултай   жөнүндөгү мыйзам долбоорун четке какты. Комитеттин төрагасы катары долбоор боюнча сиздин жеке пикириңиз кандай?

-- Курултай каалайбызбы-каалабайбызбы, Конституцияда консультативдик- кеңеш берүүчү орган катары жазылып калган. Юридикалык жагынан алганда, эртеби-кечпи мыйзам кабыл алынышы керек. Бирок, курултай жалпы коомчулуктун пикирин билдирген, маселелерди айткан гана кеңеш берүүчү  орган болуп чектелиши кажет. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү администрациялардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартып, же отчет ала турган орган болбоого тийиш. Классикалык форматта үч бийлик бутагы бар. Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги. Ошон үчүн куралтайга биз өтө этияттык менен карашыбыз керек.

-- Анда институт катары курултай керек дейсизби?

-- Консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары мен каршы эмесмин. Бирок, дүйнөлүк тажрыйбада каралган, Конституцияда жазылган үч бийлик бутагынын классикалык форматынан чыкпашыбыз керек.

-- Эми долбоордун келечеги кандай болот?

-- Жакын арада билинет. Азырынча белгисиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер