Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Кальчинов: «Чоподон салынган үй кышында жылуу болот»

Нурлан Кальчинов: «Чоподон салынган үй кышында жылуу болот»

24-ноябрь, 13:47
1 404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нурлан Кальчинов   чоподон жана самандан үй курат. Ал бизге мындай үйлөрдүн ден соолукка пайдалуулугун айтып берди.

-- Эмне үчүн чопо менен саман?

-- Чопо камыр сыяктуу жылуу, ийкемдүү жана жагымдуу. Чопо – колкапсыз иштей турган жападан жалгыз курулуш материалы, анткени ал колду жеп салбайт. Курамы жана микроэлементтери боюнча саман ден соолукка абдан пайдалуу жана жагымдуу жыты бар. Чопо, кум, саман – мунун баары табигый таза материалдар. Мындан тышкары, чопо жылуулукту абдан жакшы топтойт жана аны өтө жай коё берет. Жайкысын чоподон жасалган үйдүн дубалдары +20 градуска чейин ысып, суук түшкөндө кирпичтен же бетон дубалдан курулган имараттардай дароо муздабайт. Жылуулук бир нече айга чейин кармалышы мүмкүн. Чопо жылуулуктун изолятору, бул мурдатан эле белгилүү, ошондуктан колдонушат. Эффективдүүлүгү жагынан чопо дагы деле баа жеткис курулуш материал болуп саналат.

-- Өзүңүз чоподон салынган үйдө жашайсызбы?

-- Ооба, мен чопо менен самандан салынган үйүмдө 7-8 жылдан бери жашайм. Бул технологияны башкаларга сунуш кылуудан мурун үйлөрдү өзүбүзгө курууну чечкенбиз. Менин үйүмдүн жарымы чопо, жарымы саман. Даяр түктөрдөн салабыз. Досум үйүн толугу менен самандан курду, мен болсо жарымын гана самандан салгам, бирок толугу менен самандан курсам болмок экен. Анткени саман – жылуулуктун эң жакшы изолятору. Бул жагынан алганда, саман идеалдуу вариант болуп саналат, өндүрүш үчүн эч кандай зыяндуу технологиялар колдонулбаган кошумча продукт. Биз акчаны үнөмдөө менен ресурстарды сарамжалдадык. Себеби, бардык башка кымбат баалуу курулуш материалдардын курамы анча таза эмес.

-- Үйлөрдү өзүңүз курасызбы?

-- Биз үйлөрдү чопо, кум, акиташ, саман, жыгачтан салабыз. Албетте, бул үйлөрдү шыбап, ремонттоп, туш кагаздарды чаптап койсо болот. Бирок анын эмне кереги бар? Биздин ата-бабалар илгертен муну туура пайдаланып келген. Мурда айылдарда ылай менен саманды аралаштырып эле үй куруп коюшчу. Эгер сиз өзүңүздүн ден соолугуңузду ойлосоңуз, бара-бара айланаңыздагылардын, жаратылыштын, шаардын саламаттыгы жөнүндө кабатыр боло баштайсыз. 

-- Самандан жасалган үйдүн баасы арзанбы?

-- Ооба, анткени бир түк самандын баасы 60 сом турат. Менин үйүмө 40 түк саманб.а., 2400 сом кетти. Негизги чыгымдар жумушчулардын эмгегине сарпталат, буларды колдонуу менен сиз курулуш материалдарын жана убакытты үнөмдөйсүз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер