Канышай Жумалиева: “Жеңиш Молдокматовдун Фейсбуктагы эки жыл мурдагы постторунан кылмыш издеп атышат”

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бу саам “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жубайы Канышай Жумалиева айымды кепке тарттык.
-- Канышай карындашым, жолдошуңуз Жеңиш Молдокматовдун абакта калуу мөөнөтүн дагы узартты. Бу жолу эмне дешти?
-- Кемпир-Абад иши боюнча 4 ай ичинде абактагыларды үч жолу тергөөгө чакырышты. Анын экөөндө соттук лингвистикалык экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом менен экспертизанын жыйынтыгын тааныштыруу иши болду. Мамлекеттик соттук-лингвистикалык экспертиза “бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандык уюштуруу камтылган эмес” деп чечим чыгарды. Бирок, тергөө өзү түзгөн мамлекеттик экспертизанын чечими менен макул болбой, жаңы экспертиза дайындап, “кылмыш курамы бар” деп корутунду чыгарды. Кемпир-Абад боюнча эч нерсе таба албай, эми Фейсбуктагы эки жыл мурунку посттордон кылмыш издеп атышат.
-- Ден соолугу, саламаттыгынан кабар ала алдыңызбы?
-- Ден соолугу күндөн-күнгө начарлоодо. Ал жердеги шарттарды айтып болбойт, баары эле билишет. Бирок, ошого карабастан, “ден соолугум жакшы, духум күчтүү” деп жазган катыбызга жооп берип турат.