Акыркы кабарлар
» Коом » Үч президенттин көңүлүн тапкан Нуржан Шайлдабекованын сыйкыры эмнеде?
Үч президенттин көңүлүн тапкан Нуржан Шайлдабекованын сыйкыры эмнеде?
03-апрель, 13:34
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Алмазбек Атамбаевдин доорунда БШКнын төрайымы болгон Нуржан Шайлдабекова кийин Сооронбай Жээнбековдун да ишенимине кирип, ээлеген кызматында калып калган. Эки башчыга ак эткенден так эте кызмат кылып жүрүп, эми Садыр Жапаровдун бийлигине дагы күжүрмөндөнө иштеп берүүдө. Моралдык жагын ойлобойбу? Учурдагы чиновниктердин арасында үч президенттин тушунда тең кызматын туруктуу сактап калгандар жокко эсе. Кызык. Нуржан Шайлдабекованын сыйкыры эмнеде? Садыр Жапаровдун тилин кантип тапты экен? Бул жагынан БШКнын төрайымы кыйла кыйындыгын көрсөтүүдө. Чын эле мамлекетке керек кадр болгону үчүн иштеп атабы, же баш айландыруу ыкмасы күчтүүбү?
"Азия Ньюс" гезити