Эколог Динара Кутманова токойго чоң душмандык кылып кетти

Урматтуу Садыр Нургожоевич!
30 жылда 30 түп бакты өз эрежесине, талабына ылайык өстүргөнгө мамлекеттик деңгээлде жараган жокпуз. Анан бизде каяктагы “жашыл экономика”, климат? Токойду айыл чарба министрлигинин алдына жетим баладай кошуп койдуңуз. Айыл чарбанын жери жок, токойдун аларга кереги жок. Токой – чоң өндүрүш, “жашыл экономика”, климаттын эң негизги ролун аткарат. Мен сыйлаган эколог Динара Кутманова токойго колу жетип турса дагы, калыстыгы жок, чоң душмандык кылып кетти, өзүн өтө акылдуу сезип. Токой убагында комитет болуп, көп иштер жасалчу, өндүрүшкө талап күч болчу, көчөт өстүрүп, токойду көбөйтүп турчу. Көп тажрыбайлуу токойчулар эл үчүн кызмат кылышчу.
Азыр мамлекет тараптан токойду көбөйтүп, жашыл климатка көңүл буруу жок, иш-чаралар жүрбөйт. Токойчуларды басынтып, мамлекет тараптан өгөй мамиле жасалат. Жакында агроном, зоотехник, ветврачтар иштеп калса, “жашыл экономиканы” элестетиш кыйын.
Президент, өкмөт жылда чоң салтанат менен реклама жасап, илимдер академиясынын Гареев атындагы ботаникалык бакчасында ишембиликте бак отургузушат. Ошолордун жылда куурап, кароосуз калганына кандай карайсыз? Кыргызстанда бак-дарак эмне экенин түшүнгөн илимпоз жок экенин билесизби? Азыркы мезгилдин талабына ылайык, илгерки тарыхы бар токойду кемсинтпей, министрлик кылсаңыз жарашмак, Кыргызстандын бүтүндүгүн, келечегин ойлоп, токойду улутташтырып. Президенттин алдында көзөмөл күчтүү болсо, “жашыл экономика”, климат ошондо дүркүрөп өсмөк.
Таштанбек Кожогулов, айлана-чөйрөнү коргоо коомдук “Шербото” экологиялык фондунун директору
"Азия Ньюс" гезити