Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таттыбүбү Эргешбаева: “Депутаттар өлкөнүн аброюна шек келтире турган мыйзамдарды кабыл алып коюшту”

Таттыбүбү Эргешбаева: “Депутаттар өлкөнүн аброюна шек келтире турган мыйзамдарды кабыл алып коюшту”

29-июль, 13:23
2 319 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоо мөөнөтү аябай узарды. Качан болушу мүмкүн? Азыркы 6-чакырылыштын депутаттары жаңы 7-чакырылыштын камын көрүп жатышабы? 

-- Шайлоо мөөнөтү аябай узарды. 6-чакырылыштагы парламент 2020-жылдын 18-октябрында эле толук легитимдүүлүгүн жоготуп, пробация этабында иштеп жатышат. Пробация учурунда булар стратегиялык чечимдерди кабыл алууга укуктары жок. Бирок, ага карабастан, конституциялык референдумду, көптөгөн өлкөнүн кызыкчылыктарына шек келтире турган мыйзамдардын көбүн кабыл алып коюшту. Келечекте кылмыш кодекси менен канчалык деңгээлде жооп бере алышат, анык эмес. Бүгүнкү күндө өлкөдө өзгөчө кырдаал абалы бар. Булар ошого таянышып, көп нерсени кабыл ала беришсе, кийин мыйзам алдында канчалык жоопкерчиликке тарта аларыбыз белгисиз бойдон. 6-чакырылыштын мөөнөтү 7-чакырылыштын биринчи сессиясы болгондон кийин бүтүшү керек. Бүгүнкү күндө 7-чакырылыштын мөөнөтү башталышы үчүн конституциялык мыйзам кабыл алынышы зарыл. Себеби, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзам бүгүнкү күндө үчүнчү окуудан өтөт. Президент кол койсо, андан кийин БШК шайлоо мөөнөтүн аныктап, убактысын белгилеши шарт. Бирок бүгүнкү күндө шайлоо мөөнөтү октябрь-ноябрга же жаз айларына калат, себеби, көпчүлүк убакта кышында шайлоо болбойт. 

Эми шайлоо болгондо бизде аралаш системага ыктайт. Партиялык система менен 55 депутат, андан сырткары бир мандаттык административдик округ менен баргандар 35 депутатка жетет. Ошону менен депутаттардын саны токсон болот. Бирок, бир мандаттуу система эффективдүүлүгүн көрсөткөн эмес. Жогорку Кеңештин 4-чакырылышы ошондой тизме менен түзүлгөн. Өз убагында бир мандаттуу дагы, аралаш дагы система бар болчу. Баары жакшы эффективдүүлүгүн көрсөткөн жок. Булар айылдык кеңештин деңгээлине барып калышат. Анткени, округдан келгендер көбүнчө өздөрүнүн жерине тийешелүү гана кызыкчылыктарды көтөрүп, тандем же келишимдүүлүк каралбайт.

-- Той-аштардагы чыгымдарды кыскартуу боюнча мыйзам жүзөгө ашабы? 

-- Бизде конституциялык реформа учурунда “моралдык жана каада-салтка тийешелүү нормаларга тийбегиле, алар Конституцияда каралбаш керек. Конституция – бул так бир документ. Ал жерге мындай жазган туура эмес” деп айтканыбызга болбостон, Россиянын жалпы практикасына карап туруп, биздикин дагы жазып коюшту. Андан кийин Конституцияга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндөн кийин президент өзүнүн указы менен “моралдык норма” дегенди киргизди. Эми ошонун жыйынтыгында ушундай нерселерди өкмөт киргизе берет. Азыр өкмөт кааласа “жоолук салынбагыла”, кааласа “кыска кийинбегиле” деп элдин каада-салт, жүрүш-турушуна өзгөчө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктары бар. Башкача айтканда, укук алышкан. 

-- Коррупционерлерди “кустуруу” мыйзам чегинде болуп жатабы? Бүгүнкү бийлик эртең бул иштери үчүн күнөөкөр болуп калбайбы? 

-- Учурда “кустурма процесси” сапатсыз жүрүп жатат. Анткени көптөгөн бизнесмендер суракка чакырылат дагы, эки күндөн кийин эле бирөөсү 1 млн., бирөөсү 20 млн., дагы бири 100 млн. сом төлөп чыга беришет. Бирок тергөө жүрө берет, “акча төлөндү” деп айтыла берет. Негизи кичи бизнеске карата тергөө иши 3 айдан 9 айга чейин жүрөт. Бизде болсо тергөө иши 2-3 күн жүрүүдө. Бул абдан сапатсыз көрүнүш. Көптөгөн популисттик иш-чаралар тынбай уланууда. Бизнестерге иш кандай жүргүзүлгөнү дайынсыз, туман. Муну бир гана мониторинг жолу менен аныктасак болот. Ал үчүн мониторинг тобу ачылышы шарт. 

-- Учурда кандай мыйзамдар кабыл алынууда. Алар натыйжа береби?

-- Өткөн жумада ЖКда кылмыш кодекстери кабыл алынды. 1-сентябрдан тарта ишке кирет. Канчалык деңгээлде туура экени азыркы учурда белгисиз. Экинчиден, бизде шайлоого тийешелүү мыйзамдар кабыл алынууда. Ал дагы үчүнчү окуудан өткөн соң так маалым болот.

Бүгүнкү күндө мамлекеттин аброюна шек келтирген эки тармакта мыйзамдар даярдалып жатат. Биринчиси өкмөткө, министрлер кабинетине тийешелүү нормалар боюнча. Алар төрт мыйзам. Андан тышкары, бизнеске тийешелүү нормалар көптөгөн тобокелчиликтерди алып келип жатат. Анын баары ачыкка чыкканда билинет. Бирок алар өтө сапатсыз мыйзамдар. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер