Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурдун балта кеспеген мэр...

Мурдун балта кеспеген мэр...

17-июнь, 09:47
1 365 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чындыгында эле Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калың катмардын кыжырына тийип бүттү. Эки аптадан ашык убакыттан бери Бишкектин Ленин районунда суу тартыштыгы жаралды. Кыскасы, какшыдык. Бул ысыктын күнүндөгү кандай көйгөй экенин чечмелөөнүн кажети жок. Айтор, шаардыктар кыйналды. Мындай кризис качан болгонун эстей албайбыз. Учурда суу тартыштыгы башка райондорго өтүп баратат. Жаратылышыбыз бай, мөңгүлөр эрип атса, кандайча кыянаттык жаралууда? “Суу каналга” топтолгон ырыскыбызды кошуна өлкөгө сатып жиберген эмеспи? Же дагы кандай кесепеттери бар? Башың катат...

Ал эми шаардагы акыр-чикирлер убагында тазаланбай, баягы эски көрүнүш кайталанууда. Аптаптуу ысыкта кандай гана саңырсыйт? Негизи Эмилбек Абдыкадыровдун дарамети чектелүү, даяр нерсени уюштурууга шаасы келбейт экен. Болбосо “Тазалыкты” өркүндөтө иштетип, урналардагы таштандыларды убагында тазалатып коймок да.

Күндүн ысыгында текши сугарылбаган бак-дарактар жайдын ортосуна жетпей эле саргая баштаганын кандайча түшүнөбүз? Бир жагынан курт жеп, убагында дарыланбаса, шаардын көркүн кетирет (!) деген ушул эмеспи? Маселени тийешелүү адистер менен чечүүнүн ордуна мэр сөрөй жеңил пиар менен алектенип, соцтармактан түшпөйт. Эртең менен велосипед тээп алганына баш чайкайсың. Жеткен акылы ушул беле?

Элден, ишкерлерден Бишкектин бюджетине чогулган каражатты ырааттуу пайдаланса, калааны эки жылда гүлдөтүп коймок. Бирок шык, деңгээл жетишпесе кыйын тура. Артка тартканы өкүнүчтүү. Тилекке каршы, Эмилбек Абдыкадыров алсызга тап “зыянкечтигин” көрсөткөнүн койбоду. “Шаардын көркүн бузуп атат” деген шылтоо менен гезит саткан күркөлөрдү жапырт алдырып, айрым жерлерге койдурумуш этип, бул жагынан да пайда таап атабы? Басма сөзгө да кесепетин тийгизип, бут тоскону уланууда. Айтор, алып-жулганды, талкалаганды жакшы өздөштүрүптүр. Канчалаган объектилерди түрттүрүп, бүлүндүрүп салды? Азыр көп жерлер башаламан, чалды-куйду, чачылган таризде жатат...

Ток этерине келсек, Эмилбек Абдыкадыровдун мурдун балта кеспейт экен. Катачылыктарынан сабак албады. Кедеринен кетүүдө. Шаар тургундарынын нааразычылыгы күчөп баратат. Бийликтин рейтингин түшүрүүгө мэрдин салымы өтө чоң экени калетсиз. Биз көзгө көрүнгөн гана көйгөйлөргө учкай токтолдук. А иш жүзүндө көмүскөдөн “жеп-ичип”, коррупцияга малынган жокпу? Убыгында кылмыш иши козголуп, кокуйлап жүргөнүн унуттубу? 2006-жылы “кылтакка илинип”, Бишкек шаарынын вице-мэрлик кызматындагы былыктары үчүн жарга такалганын танабы? Анда көмүскөдөн кутулуп кеткен. Эмки кезеги татаалдашып, карыганда каңырыгы түтөп, абакка жылдар бою жатып калбайбы? Тагдырдын жазганын көрөт. Аз калды... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер