Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөбек Абдрахманов: “Президенттин жарлыктарын ишке ашырууда коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү менен талкуулап, бир нече иш-чараларды өткөрдүк”

Төлөбек Абдрахманов: “Президенттин жарлыктарын ишке ашырууда коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү менен талкуулап, бир нече иш-чараларды өткөрдүк”

10-август, 12:00
1 541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университеттин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор менен маек.

-- Төлөбек Абылович, сиз жетектеген Ишеналы Арабаев атындагы университет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Он жыл мурдагыдан инфраструктурасы да таанылгыс болуп өзгөрдү. Бул өнүгүүнүн сыры эмнеде?

-- Мунун бир топ себептери бар. Алардын арасынан эң негизги себеби – университет жамаатынын ынтымактуу, креативдүү жана демилгелүү иши болду. Албетте, миңге жакын окутуучу жана кызматкерлерди, 15 миңге жакын ар кандай билим программалары боюнча билим алып жаткандарды туура багыттоо дагы чоң роль ойноду. Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, университет жетекчилери менен институт, факультет, кафедра, колледж жетекчилеринин жаңычыл, билгичтик жана эриш-аркак башкаруу иштери жакшы жетишкендиктерди алып келди.

-- Кандай жаңы программалар ачылды?

-- Акыркы 10 жылда эле 20га жакын билим берүүнүн жаңы кесиптери, багыт жана программалары ачылды. Ошол эле учурда мезгил талабына жооп бербеген, рыноктук шартта таңсыктыгын жоготкон бир нече билим берүү адистик, багыт, программалар жоюлду. Структуралык жактан алсак, 4-5 колледж, келечекте факультет боло турган 2 бөлүм, 3 институт жана Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө 3-4 филиал ачылды.

-- Окуу процессин уюштурууда, билим берүүнүн сапатын көтөрүү жаатында кандай жаңылыктар болууда?

-- Университеттин көп жактуу ишиндеги эң негизги багыт болуп билим берүү сапатын жогорулатуу эсептелинет. Бул багытта бир нече өңүттө иш алып баруудабыз. Эң оболу билим берүүнүн инновациялык жана интерактивдүү жолдоруна өтө баштадык. Мунун жакшы натыйжаларын пандемия учурундагы онлайн билим берүүдө көрдүк. Экинчиден, билим берүүнү практика менен тыгыз айкалыштырууга өтүп, жогорку курстардын мыкты студенттерин практика учурунда эле мектептердеги бош орундарга жумушка орноштуруп, аларга ар тараптуу усулдук көмөк көрсөтүп, студент кезинде эле мугалим кылууну колго алдык. Үчүнчүдөн, университет менен мектептин алакасын жакшыртуу үчүн биздин бир топ окутуучуларга мектептик билим берүүнүн стандарттарын, окуу китептерин даярдоого тапшырык берип, жакшы жетишкендиктерге ээ болуудабыз. Булардан башка дагы аракеттер бар. Бирок ушулар негизгилери.

-- Эмгек рыногу менен тыгыз кызматташып жатыпсыздар, сиздердин университеттин диплому менен ишке жакшы алышабы?

-- Биздин бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна тартылуусун эки өңүттө кароого болот. Мамгрант менен окуп бүткөндөр толугу менен жумушка орношот. Ал эми өз каражаты менен окуп, билим алгандардын 70 пайыздайы ишке орношот. Кошумча белгилеп кете турган нерсе, акыркы жылдары биздин бүтүрүүчүлөргө таңсыктык өсүүдө. Жыл ичинде 50-60 мектеп директорлорунан ар кандай адистик боюнча бүтүрүүчүлөрдү жиберүүнү суранган каттар келет. Өзгөчө мектеп сабактарын орус тилинде өтө турган адистер жетишпегендиктен, акыркы жылдары адистиктер боюнча орусча билим бере турган топторду ачуудабыз.

-- Окутуучулук курамдын илимий изилдөө ишмердүүлүгү кандай болууда?

-- Бул өңүттө биздин университет дагы акырындык менен инновациялык университет болууну көздөп, айрым аракеттерди жасоодобуз. Мисалы, стимул үчүн илимий изилдөө, илимий методикалык иш менен алектенген окутуучулардын окуу жүктөмдөрүнө кошумча сааттар чегерилет. Илимдин кандидаттыгын коргогондорго бир жолку 50000 сом, ал эми докторлугун коргогондорго 70000 сом берилип, андан кийин ай сайын эмгек маянасына 2500 жана 3500 сом кошумча төлөнөт. Илимий жетекчиликти стимулдаштыруу үчүн кандидаттык жана докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргогондордун илимий жетекчилерине дагы диссертация коргогондор алган төлөмдүн 25 пайыз өлчөмүндөгү каражат төлөнөт.

Илимий изилдөөлөрдү колдоо максатында университеттин каражаты менен көптөгөн кызматкерлерди жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү илимий форумдарга катышуу, архив, китепканаларга иштөө, алакалаш ЖОЖдордун лабораторияларында иштеп келүү үчүн жиберүүдөбүз. Мисалы, быйыл эле 244 университет кызматкерлеринин иш сапарларына университеттин атайын эсебинен 2,9 млн. сом сарпталды.

Университеттеги илимий изилдөөлөрдү активдештирүү үчүн акыркы 10 жылда кандидаттык, докторлук диссертацияларды коргой турган 8 диссертациялык кеңештер ачылып, ийгиликтүү иштеп жатканын айтпасак болбойт. Дагы бир жакшы көрүнүш – КМУда “Жаш окумуштууларды колдоо” фонду түзүлдү.

-- Университетте өткөн конференцияларга илим каймактары, көрүнүктүү коомдук ишмерлер катышып, өлкөнүн тагдырына байланышкан уңгулуу маселелер талкууланганына күбө болуудабыз. Максаты эмнеде?

-- Туура баамдапсыз. Акыркы жылдары өлкөнүн коомдук-саясый, эл аралык, билим-илимий, маданий-диний турмушундагы өтө резонанстуу чоң иштер биздин университетте өтүүдө. Мисалы, акыркы жылдары эле өлкө президентинин жарлыктарын ишке ашыруу маселелерин коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү менен талкуулап, аларды ишке ашыруу жолдорун аныктаган бир нече иш-чаралар болду. Эң соңкусу, өлкө президентинин “Улуттук нарк-дөөлөт” жарлыгын ишке ашыруунун концепциясы бир нече талкуулардан өткөрүлүп, сунушталды. Мындай иштердин максаты – университеттин мамлекет, коом алдындагы билим, илимди өнүктүрүүдөн кем эмес коомдук-саясый иштерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Менин оюмча, мамлекеттик университет ушул жаатта дагы өлкө алдында кызмат өтөп, “жеңилин жерден, оорун колдон алып” турушу керек.

-- Эл аралык байланыштар, жаңы долбоорлор, инвесторлор тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-- Эл аралык байланыштар көп кырдуу, ар кандай деңгээлде, түрдүү мүнөздө. Учурда 10дон ашык грант-долбоорлор менен иштеп, айрымдары аяктоодо. Окуу жайыбыз чет өлкөлөрдүн бир топ университеттери менен кызматташып, бир нече дүйнөлүк жана регионалдык университеттердин союз, альянс, консорциумдарына татыктуу мүчө. Акыркы жылдары Корея, Япония, Кытай, Түркия өлкөлөрүнүн ар кандай субъекттери менен алакалаш болуп, алардан көп өлчөмдөгү инвестициялар   тартылып келинди.

-- Университетте коомдук-социалдык иштер да жигердүү жүргүзүлгөнүнөн кабарыбыз бар. Кошумча пландарыңыз болсо керек?

-- Кошумча бир топ пландар бар. Мисалы, бош жерибиз, керектүү каражатыбыз бар туруп, заманбап лабораториялык имарат салсак деген планыбызга уруксат алып, ишке ашыруу максатыбыз бар. Бул окуу-лабораториялык пайдасына кошумча шаардын көркүнө көрк кошо турган заманбап, хайтек имарат болот эле. Бирок, такыр эле уруксат ала албай койдук. Жалпысынан алганда, университетти инновациялык өнүгүү жолуна салуу максатында окуу жайдын “Өнүгүүсүнүн стратегиялык иш-планы” кабыл алынган. Учурда ошонун үстүндө иштөөдөбүз.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер