Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсен Рыспеков: «Кыргызстанда инвестициялык климат жок»

Эсен Рыспеков: «Кыргызстанда инвестициялык климат жок»

27-август, 20:19
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эсен, Кыргызстандын экономикасын кандай багытта өнүктүрүш керек деп ойлойсуз ?

-- Экономиканы өнүктүрүш үчүн биринчи орто жана чакан бизнеске көңүл буруш керек. Аларга максималдуу жеңилдиктерди берүү зарыл. Кандай жеңилдиктер болушу мүмкүн? Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, пандемиядан кийин орто жана чакан бизнес катуу жабыркады. Ошон үчүн өкмөт ишкерлерди бир жылдык түрдүү салыктарды төлөөдөн куткарып, ушундай эле мөөнөткө патенттерди бекер колдонууга уруксат берүүсү зарыл. 

Ири ишкерлерди салык төлөтүү максатында эл аралык аудит жалдап, текшерүү жүргүзүп, көмүскөдө айланып жаткан салыктын акчаларын ачыкташ керек. Бирок, өлкөдө адилеттүү сот болмоюнча, экономика эч качан өнүкпөйт. Бизнеске эң негизги шарт болуп коопсуздук жана адилеттүүлүк эсептелет. Пандемиядан кийин тамак-аш өндүрүшү, туризм жана IT технологиялары багытындагы ишкерчиликке максималдуу мүмкүнчүлүк түзүп берүү абзел.  

-- Кырдаалдан чыгуунун кандай жолдорун сунуштайсыз?

-- Жакында тышкы кредиторлордун карыздарын төлөй баштайбыз. Ошондуктан, тез арада экономика, каржы, сот системасын реформалоого барбасак, көп нерсени жоготуп алышыбыз ыктымал. Азыр кимди шайлайбыз, же дагы башка маселелер маанилүү эмес, мамлекетти экономикалык дефолттон сактап калууну ойлоо алда канча маанилүү. 

-- Өлкөдөгү инвестициялык климаттын абалы кандай болуп жатат? 

-- Бизде инвестициялык климат жок деп айтсак болот. Анткени, белгилүү компаниялар Кыргызстандын учурдагы абалында, азыркыдай сот системасы иштеп, рейдерлик басып алуулар орун алып жатканда инвестиция салбайт. Мисал катары “Акнет”, “Мегаком” ишканалары, “Ак-Кеме” мейманканасы менен болгон окуяларды айтсак болот. Мурдараак, Кыргызстанга бир миллиардерди чакырып, аны менен ири долбоорлорду ишке ашырууну пландаганбыз. Анда Кыргызстанга басым жасалган. Орто Азия боюнча ири базар ачууну максат кылдык эле, бирок ал өз өлкөсүнө кайтары менен бизде мурдагы президент менен өкмөт башчы абакка камалды. Болочок инвестор Кыргызстанга акча салуу канчалык кооптуу экенин түшүндү окшойт, ал ошол эле жылы Казакстанга болжол менен 4 млн. доллар өлчөмүндө каражат салды. Өлкөдө ушундай башаламандык орун алып турганда бир да инвестор акча салбайт. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер