210 миллион сом кайда жумшалган? Мэр Айбек Жунушалиев иштей албай калды
Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кирип, бир кездеги “жашыл шаар” деген каймана аты жомокко айланды. Шаарды тазалаган “Тазалык” мекемеси болсо өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, шаарды тазалоого бөлүнгөн акчаны туура эмес пайдаланып келишкен. 2020-жылы 54 миллион сомду жеп коюшса, 2021-жылы 210 миллион сомду туура эмес пайдаланышканы кандай? Шаардын мэрлери “Тазалыктагы” коррупциялык схемага өздөрү табакташ болуп алганбы, айтор, шаарды тазалагандын ордуна ага бөлүнгөн акчаны жегенге кызыкдар окшобойбу? Ушинтип “балык башынан сасыйт” болуп отурса, шаар кайдан тазаланат? Ал эми мэр Айбек Жунушалиев былтыртан бери эмне иш менен алек болуп атканы белгисиз. Система иштеп баратат, а бул эргул уктап бараткандай элес калтырууда. Эл үчүн жасаган кызматы, ийгилиги жанданса көрөт элек да. Кез-кезде ыңгайсыз мааниде сүрөткө түшүп, пиар кылганы эле болбосо...
"Азия Ньюс" гезити