Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Идинов: “Өзбекстан биздеги инвестициялык климатты жакшы жагына бурду”

Кубанычбек Идинов: “Өзбекстан биздеги инвестициялык климатты жакшы жагына бурду”

05-апрель, 16:36
1 269 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек мырза, Садыр Жапаров президенттик такка келгени инвестициялык климат өзгөрдүбү, жылыш барбы?

-- Климат өзгөрүп келатат. Оңолуп келатканы президент Садыр Жапаровдун Россияга, Казакстанга жана Өзбекстанга барганы, дүйнө эли биздин жаңы бийликти кабыл алышып, акырындап мамиле түзө баштаганына жол ачты. Мындан сырткары, бизнес коомчулугу менен жолукту. Ким кайсы тармакта кете турганы сүйлөшүлдү. Өзбекстан эч ойлонбостон баштап ийди. Алардын үч облусу, биздин үч облус менен алака түзүү максатын көздөп, Нарын менен эт, жүн, тери заводун курууну пландап, ушу күз айларына белгиленди. Башкача айтканда, өзбектер бу тарабын алып атышат. Мындан сырткары, “Камбар-Ата–I” ГЭСин курганга “Биз толугу менен кошулабыз, өзүбүздүн үлүш менен киребиз. Кышында электр жарыгынан кыйналып атканда берип туралы, ал эми сугат мезгилинде бизге сууңар керек болот” дешти. Орустар четте калган жок. Алар да аракеттерин акырындап баштап атышат. Казактар жакшы мамилелерин билдиришти. Мындайча айтканда, чоң инвестиция өз жолу менен, уюм менен уюм, чарба менен чарба, облус менен облус ортосундагы карым-катнаштар башталды. Эгер инвестициялык ушундай иш-чаралар дагы да күч ала баштаса, биздин өнүгүшүбүзгө толук шарт түзүлөт да, 10 пайызга түшүп кеткен жагдайыбызды калыбына келтирип, дагы 3 пайыз өсүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.    



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер