Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акүй эмес, оорукана курсак, мүлдө кыргыз эли ыраазы болмок

Акүй эмес, оорукана курсак, мүлдө кыргыз эли ыраазы болмок

03-май, 20:18
614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатчы Бекболот Талгарбеков таамай белгилегендей, акыркы жылдары кымбатчылык кара тумоодой каптап, жакырчылык жанга батып турган чагы. Өзгөчө социалдык көйгөйлөр кокого жеткен заманда жашап жатабыз. Элибиз чыдайт экен. Көп нерсеге сабыр кылып турушкандай. А чыдамдын чеги барбы? Итке минген турмуш кечирүү – ызага батуу, кемсинүү да. Бук толуу, ый аралаш...

Кайсы гана ооруканага барба, кезек күтмөй, чайналмай көрүнүштөр. Наристелерден баштап кары-картаңдардын көйгөйлөрүнө чейин. Мамлекеттик бейтапканаларга эл батпайт, ыңгайсыз, жетишерлик шарттары да жок. Ал эми жеке клиникаларда ден соолук баасы кымбат, карапайым элдин чөнтөгүнө туура келбейт. Дал ушундай кейиштүү шартта Акүй куруп, мактануунун канчалык зарылчылыгы бар эле? Эгерде мындай имаратты оорукана катары курсак, мүлдө кыргыз эли ыраазы болуп, бийлик чоң утушка жетмек. Азырынча арбын нааразычылыктар айтылууда. Башка өлкөлөрдүн Акүйү мрамор, ак таштан жаркырап, көз жоосун алат. Тарыхый имаратка ылайык баардык архитектуралык өзгөчөлүктөрү сакталган. А биздики соода үйү сымал көзгө комсоо көрүнгөнү сын-пикирге айланууда. Кыскасы, бийлик үчүн эски Акүй бар эле. Аны чанбай, тарыхый баалуулуктарын сыйлап, ошол жерде иштешсе болбойт беле? Карапайым калк каржалып турганда ашыкча чыгымга батуу өөн учурайт экен... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер