Акыркы кабарлар
» Саясат » Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда
Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда
06-декабрь, 18:50

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылат. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.Башкы көзөмөл органы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Жамгырчиевдин мурда кылмыш ишине тийешеси жоктугун аныктаган өкүмдү жокко чыгарууну сунуштап, Жогорку сотко кайрылды. Аны менен кошо ошол эле ишке тийешеси бар өкмөт аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовдун дагы актоо өкүмүн жокко чыгарууну сурап жатканы айтылды.
Эмил Жамгырчиев 2020-жылдын октябрында Финполдо жетекчинин орун басары болуп иштеп жатканда “пара алган” деп УКМК тарабынан кармалган. Кийин ал мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төгүп, соттон акталып чыккан.











