Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Матраимовдун үй-бүлөсүнө чабуул кылып, ар кандай жалаа жабуу жүрөктү өйүтөт”

“Матраимовдун үй-бүлөсүнө чабуул кылып, ар кандай жалаа жабуу жүрөктү өйүтөт”

03-октябрь, 11:08
1 000 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы убакта коомчулукта көп талкуу кылган бир маселе пайда болду. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсү. Кээ бир кесиптештер бул үй-бүлөнү аңдыганга өтүштү. Таң атпай короо жайларына дрон учуруп, суроо-сопкуту жок видеотасмага тартып, жок нерседен чуу кылып, куру доомат кылган амалдары көпчүлүккө жага берген жок. Кылдан кыйкым издеген жоруктары жолдо калсын.    

Керим ТУРАПОВ, КР эл артисти: 

-- Матраимовдордун канчалык жаман иштерди кылганын билбейм. Бүгүнкү күнгө чейин эчтекесин алып чыга алышкан жок. Бул боюнча мен деле гезиттерден, массалык маалымат каражаттарынан угуп атам. “Матраимовдор мынча алды, мынча жеди” деген так маалымат менде жок. Көптөн бери менде ушундай ой кетип атат, атайын чабуул жасагандай сезилет. Даана, так, “момундай-тигиндей” деп айткан бирөө жок. Андай маалыматты көргөн да жокмун. 

Экинчиден, сенин үйүңдө же кимдин үйүндө болбосун, дронду дырылдатып алып жашыруун тартып атса, бул жакшы эмес көрүнүш го дейм. Эгер ушунчалык муктаждык болсо, атайын уруксат алып, сүйлөшүп, жообун алып, маа десе үйүнүн ичине кирсин. Бирөөнүн менчигине, короо жайын эч бир уруксатсыз тартып атса, ким эле болбосун чыга калып “эмне тартып атасың?” деп айтат да. Орустар айтмакчы, “чем черт не шутит” дегендей. Кайсы бир учурда эл аралык коомчулукта вертолет аркылуу жардырган, вертолет аркылуу бирдемени таштаган нерселер болгон. Ошол эле дрон аркылуу короосуна наркотик таштап койсо эмне болот? Ушунун айланасында көп сөз болуп атат. 

Баардыгы ачык-айкын болуш керек, “биз азыр барабыз, тартабыз. Үйүңүздү көрсөтүңүз” деп. Мындай жорук-жосунга барбай эле, ич ара компромисске келип чечишип алса болбойт беле (?) деген ой келет. Андан сырткары, келерки жылы парламенттик шайлоо келатат, мүмкүн ошол эле журналисттер кайсы партияны колдоп, кайсы партия менен Матраимовдор барары боюнча кызыгышып, алдын ала буюртмаларды аткарып жатышкан жокпу?..

Элмурза САТЫБАЛДИЕВ, КР волейбол федерациясынын президенти:

-- “Азаттыктын” журналисттери Матраимовдордун үй-бүлөсүнө чабуул кылып, ар кандай шылтоолор менен жалаа жаап жатканы менин жүрөгүмдү өйүтөт. Бир нерсе издемиш этип, тапкан болуп, анан “техникалык каражаттарыбызды тартып алды” дешип. Журналист деген таза иштеш керек. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып кереги бар беле? Анча болду, ушул убакытка чейин эмнени таап чыкты? Айланчыктап, тиги сөздү бир айтып, бул сөздү бир айтып... мен түшүнбөйм. Ар качандан бир качан “изилдеп атабыз, тактап атабыз” дегенден не пайда? Мен Матраимовдорду ачык эле айтып мактайм, эмне үчүн? Татыктуу жактары көп. Азыр спортчуларды колдогон, аларды каржылаган меценаттар жок эмес, алар саналуу. Алардын башында тургандардын бири Райым Матраимов. Көп багыттуу EREM спорт клубу бар. Волейболдук, мини-футбол, бокс залы ж.б. толуп жатат. Бери дегенде миңдеген спортчуларду колдоп атат. Кыргызстанда байлыгы ашып-ташып аткан адамдар көп, Кудайга шүгүр элебиз. Бирок, ошол адамдар бир спортчуну көтөрмөлөгөнгө, каржы жагынан жардам кылганга “жарды”, духтары жетпейт. Бизде ушундай, колунда бар, ошол эле учурда жардамга муктаж кары-картаң, мүмкүнчүлүгү чектелгенгендерге кол сунуп жардам кылып аткан адамды көралбайбыз. Биз ушундайды качан токтотобуз? 


Бекбол АЙДАРОВ

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер