Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Бешимов: “Тышкы саясатыбыз кул мүнөздө, инвалид өлкөгө айландык”

Аскар Бешимов: “Тышкы саясатыбыз кул мүнөздө, инвалид өлкөгө айландык”

01-январь, 15:05
2 145 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ТИМдин мурдагы орун басары, дипломат Аскар мырза тышкы саясатыбыздагы көйгөйлөргө учкай токтолду.

-- Кыргызстандын тышкы саясаты барбы, болсо анын бүгүнкү деңгээли кандай?

-- Акыркы 10 жылда тышкы саясатыбыз кулдук мүнөзгө, паразит принциптерине өтүп алган. Сырттан жардамы жок жашай албай турган инвалид өлкөгө айландык. Талкаланган экономика, социалдык тармактар, бюджеттин тартыштыгы, эбегейсиз тышкы карыз, инвесторлордун кетип жатышы буга мисал. Мындай абал бизде эч качан болгон эмес. Пандемия баарын ачыкка чыгарып койду. 

Түзүлгөн кырдаалга жараша башка мамлекеттер менен сүйлөшүүдө биринчи эле жардам сурайбыз. Алар: пандемия менен күрөшүү, бюджетти толуктоо, шайлоо өткөзүү сыяктуу маселелер. Калган көптөгөн көйгөйлөрдү Москвага өткөзүп бергенбиз. Эмне дегенде, Россияга баардык тараптан көз карандыбыз: саясый, экономикалык, аскердик жана башка. Андан бөлөк, күндөн-күнгө Кытай, Казакстан, Өзбекстанга көз карандуулугубуз өсүп жатат.

-- Тышкы саясатты туура жүргүзүүдөгү негизги кадамдар эмнеден башталышы керек эле?

-- 1. Түзүлгөн абал боюнча коомчулукка чындыкты айтыш керек. Бүгүн же жакынкы келечекте өнүгүү эмес, мамлекетибизди сактап калабызбы (?) деген маселе турат.

2. Кандай кыйын болбосун өзүбүздүн капчыгыбызга жараша жашоого үйрөнөлү. Башка өлкөлөрдөн тилемчиликти токтотуш зарыл.

3. Тышкы саясатта бирөөгө каршы же дос болбош керек. Өнөктөштүк мамиле түзүү маанилүү.

4. “Бирөөнүн койнуна кирип же этегин кармап өнүгөбүз” деген ойду таштоо шарт.

5. Көп өлкөлөр менен үзүлгөн же бузулган мамилелерди оңдош керек.

6. Ички абалды туруктуу жолго салганда гана мүмкүнчүлүк пайда болот. Эл аралык аренада ар-намысы бар өлкө катары байланыш түзүү абзел.

-- Эгемендүү өлкө катары башка мамлекеттер менен мамиле куруунун эң бийик деңгээли кайсы жылдарга туура келет?

-- Менин жеке пикирим боюнча, эң бийик, натыйжалуу эл аралык аренада Кыргызстандын аброю эгемендүүлүктүн биринчи 10 жыл аралыгында болду. Анда ишенич абдан чоң болчу. Демократия аралчасын түзөбүз, кошуна мамлекеттерге караганда башка турмушка карай жол басабыз деген учур эле. Бирок, натыйжада, баардыгын коррупция жеңди.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер