Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Владимир Зеленский: “Биз дүйнөнү өзгөрттүк, өзүбүз өзгөрдүк”

Владимир Зеленский: “Биз дүйнөнү өзгөрттүк, өзүбүз өзгөрдүк”

24-август, 20:47
406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украина бүгүн, 24-августта эгемендик күнүн белгилеп жатат. Өлкө СССРден бөлүнүп чыкканына туура 31 жыл болду. Бул күнү Россия украин жергесине басып киргенине толук алты ай болду.

Украин президенти Владимир Зеленский көз карандысыздык майрамына байланыштуу кенен видео кайрылуу таратып, калкты куттуктады. Ал эгемендиктин алгачкы 30 жылы менен соңку алты бир тең болгонун, Россия аларды багынтып алууга аракет кылганы менен Украина эркин өлкө бойдон каларын билдирди.

“Бул алты айда биз тарыхты өзгөрттүк, дүйнөнү өзгөрттүк жана өзүбүз өзгөрдүк. Эми биз ким бизге дос, ким бизге душман экенин, ким жөн эле тааныш экенин жакшы билебиз. Кимдер өз атын жана репутациясын жоготкон жок, кимдер террорчулардын жүзүн сактагысы келгенин да айра таанып алдык. Кимге биздин керегибиз жок, кайсы жерде бизге дайым эшик ачык экенин да билдик. Кимдер ким экенин түшүндүк. Бүтүн дүйнө украиндер ким экенин көрдү. Украина кандай экенин да билди. Эми алар бизди жөн гана Россиянын жанындагы өлкө деп аташпайт. Биз өзүбүздү сыйлап калдык. Кандай гана жардам болбосун өзүбүздүн эгемендигибиз үчүн өзүбүз күрөшө турганыбызды түшүндүк. Биз чындап бириктик” деди Владимир Зеленский.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер