“Көрөңгөсү тайыз, сабатсыз Чолпонбек Абыкеев бийликке көлөкө түшүрүп келет”


Кыргыз бийлигиндеги жетекчилердин ишмердигин, оң-терс жагдайларын такай чагылдырып келебиз. Бул саам бир катар аттуу-баштуу коомдук ишмерлер, катардагы жарандар президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев боюнча терс пикирлерин жаадырып өтүштү. Биз алардын айрымдарын гана ылгап алып, коомчулук назарына сунуштадык.

Ахунбай Кошоев, отставкдагы полковник, саясый серепчи:
-- Бу Абыкенин Чолпонбеги Манаска кас чыккан балээ болду. Бакиев заманында президенттик администрацияга бара калып, “Манас Ордодогу” Кароол чокуну өзүнө окшогон жомокчу грузин менен биргелишип алтын издеп чукуй калып, акыры эч нерсе таппай шерменде болуп, бийликти жаманатты кылып жоголгон. Эми мамлекеттик катчы боло калып “Манастын уулу Семетей” көркөм фильми тартылып атса, ага каршы чыгып, дагы бир жолу Манаска кастык көрсөттү.
Журналист жана жазуучу катары жазган макалалары, адабий чыгармалары жалаң жомок, мистика, сырдуу дүйнө. Булар деңгээли бийик журналист, жазуучунун темасы эмес. Анан калса соцтармактарда жазган билдирүүлөрүндө дайыма ката толтура. Өз алдынча эркин жазмакер болсо бир жөн эле. Ал азыр президенттин кеңешчиси да. “Мамлекет башчысынын акылчысынын деңгээли ушул болсо...” деп сабаттуу жазмакерлер шуу үшкүрүнгөндөн башка аргасы жок. Кесиптештери Абыкеев “Аалам” гезитинин башкы редактору кезинде эле анын ката жазганын дайыма оңдоп турушканын шыбырап айтышат.
Абыкеев телерадио, басма сөздөр аркылуу президенттин кеңешчиси катары коомчулукка бийлик жасап жаткан маанилүү чечимдерди таасирдүү жеткире албай, ал эми дебаттарда такалып-чакалып, кепке кемтик болуп келатат. Ушундай деңгээли төмөн адамдар ар кандай айла-амал менен башкаруучулук даражага барып калып, тайкы түшүнүктөгү калпыс иштери менен мамлекеттик бийликти коомчулукка жаман көрсөтүп, элди иренжитет.

Орозбек Алымжанов, “Мекенчил эл” саясый партиясынын координатору:
-- Абыкеев Таластагы Манас атабыздын ыйык Кароол чокусун казып, анысынан жыйынтык чыкпай, кыргыз элине бир шерменде болгон. “Манас” үчилтигин тасмага айлантууда анын каршылаштарынын башында туруп, кыргызга кыянат иш жасады.
Президенттин кеңешчиси катары соцтармактарга билдирүүлөр менен чыкканда да бийликти такай уят кылат. Мисалы, президенттин иниси Сабыр Нургожоевич Түркияда эл аралык компаниянын ишкери менен алтын силиткасын кармап түшкөн сүрөттү “балмуздак” деп түшүндүрүп, элдин мыскылдоосуна калган.
Биздин Кочкордон Турдакун Усубалиевич баш болгон кыргыздын бир катар чыгаан ишмерлери чыккан. Биз алар менен сыймыктанабыз. Ал эми Чолпонбек инибиз кайсы кызмат даражада жүрсө да, ызы-чуу чыгарып, бийлик беделин, аброюн түшүрүп, бизди (жердештерин) гана эмес, жамы журтту осол кылууда.

Өмүрзак Төлөбеков, журналист, жазуучу, кинопродюсер:
-- 1990-жылдардын башында Чолпонбек “Аалам”, биз “Ак бата” эркин гезиттерин чыгарып, үзөңгүлөш иштешип калдык. “Аалам” бүбү, бакшы, арбак, сырдуу күчтөр тууралуу көп жазчу. “Элди прогресске, жарыкчылыкка баштагандын ордуна караңгылыкка түртүп жатасың” деп сындачубуз. Анан “Кызыл көйнөкчөн келин”, “Бриллиант жылан” деген сырдуу күчтөр тууралуу мистикалык китептерди чыгарды. Интеллектуалдык деңгээли бийик жазуучулар мындай темага кайрылышпайт жана акыл-эси өскүлөң калк андай пас китептерди окушпайт. Апеки-сапеки темадагы жазмакер мамлекеттик катчылык кызмат даражасына жетсе да, деңгээли ошол бойдон кала берип, “Манастын уулу Семетей” кинобуз тартыла баштаганда мансабын пайдаланып, маалымат, маданият кызматкерлеринен тескери пикирлерди жайнатып, тасмабызды токтотууга, кийин ал чыкканда жаманатты кылууга далбастады. “Алтынды дат баспайт” демекчи, “абыкеевчилердин” ур-соккусуна карабай “Манастын уулу Семетей” буюрса аалам аралап баратат.

Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер:
-- Бакиевдин бийлиги учурунда Абыкеев президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп турганда Грузиядан келген бир белгисиз уюмдун өкүлү менен Кароол чокуну казып, тарыхый баалуу материал, алтын издеп, бирок аларды таба албай, элдин катуу нааразылыгы менен Таластан куулуп, “Көр казгыч” деген атка калган. Ошол көрөңгөсү тайыз Чолпонбек мырза мамлекеттик катчылыкка көтөрүлгөндө, бул туура эмес кадрдык жүрүш болгонун коомчулукка билдирип чыккам. Арадан үч ай өтүп-өтпөй Абыкеев ал бийик даражадан жылмышып, бирок дагы деле президенттик администрацияда кала берди...

Аскар Бакеев, мурдагы коррупцияга каршы күрөш комиссарынын орун басары:
-- Абыкеев эч убакта кыргыздын мыкты саясатчысы катары таанылган эмес. Анык “күн тийген жердин күкүгү”, бийлик кимде болсо ошол жакта жүрөт. Бакиев бийлигинде президенттик администрацияда бөлүм башчы болгон, Атамбаев мезгилинде Жазуучулар союзун башкарды, Жээнбековдун бийлиги учурунда Асылбектин кабинетин кайтарып, “Биримдик” партиясында жүрдү. Эми Садыр Жапаровго жармашып келатат. Бирок, жомокчу аталган жазмакер Абыкеев бийликке эч убакта аброй апкелген эмес. Бир эле мисал, парламентке президенттик администрация тарабынан элдик курултай мыйзамын коргоого барып, депутаттардын тепкисинде калып, бийликтин эки бутагын бири-бирине каршы коюп, аягы Элмурза Сатыбалдиевден кечирим сурап качып чыкканы – саясый деңгээлинин пас гана эмес, анын саясатка таптакыр жарамсыздыгын кашкайта далилдеген.
"Азия Ньюс" гезити











