Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматбек: “Өлкөдө башаламандык, чаржайыттык орун алды”

Руслан Акматбек: “Өлкөдө башаламандык, чаржайыттык орун алды”

18-июль, 12:32
919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаш ишкерлер ассоциациясынын мурдагы директору Руслан Акматбек өлкөдөгү кырдаал, бул учурдагы бийликтин жасаган иш аракеттери  туурасындагы суроолорубузга жооп берди. 

-- Азыркы оор кырдаалдагы бийликтин кадамдарын кандай баалап жатасыз? 

-- Мамлекеттеги азыркы абалга байланыштуу бийликтин кандайдыр бир   аракетин көргөн жокмун. Анткени, канчалаган мекендешибиз тиги дүйнөгө аттанып кетти. Болгондо да эң алдыңкы, тың адамдардын каза болгону өкүндүрөт. Улуттун тиреги дегенге татыктуулар кетип калды. Эң жаман нерсе – бул апаатты ар бир үй-бүлө сезип жатат. Өлкөдө башаламандык, чаржайыттык орун алды. Жарандар каякка кайрыларын билбей, ар ким өзүнүн түйшүгү, трагедиясы, оорусу менен калып кетти. Дагы жакшы, жарандык коом, социалдык тармак, жеке сектор болуп кырдаалдан чыгып жатабыз. Бирок, биз бийликти “мамлекеттеги көйгөйлөрдү чечсин, оору-сыркоолор менен күрөшсүн, жарандардын жашоосун жеңил, ыңгайлуу кылсын” деп түзгөнбүз да. Анткен менен бул милдетти мамлекет аткарбай койду. 

-- Социалдык тармактын кээ бир колдонуучулары өлкө жетекчилеринин кыйналып жаткан калк менен иши жоктой жүргөнүн айтып, нааразы болушууда. Сиз бул пикирге кошуласызбы? 

-- Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы – булар негизги жетекчилер да. Мамлекеттеги ушундай оор кырдаалда алардын лидерлик сапаты көрүнүп, улутка жардам бериши керек. Маселен, башка мамлекеттердин жогорку кызматтагылары илдет менен бирге күрөшүп, элине дем-күч берип жатышат. Биз баарыбыз өлкөнүн алын, чама-чаркын жакшы түшүнөбүз деп ойлогонбуз. Бирок, мынчалык экенин билген эмеспиз. Лидерлерибиз ушул кырдаалды пайдаланып, улутту биригүүгө үндөп, саясый упай да топтой алган жок. Элдин үнүн угууга аракет кылып, коомчулукка жөнөкөй тил менен кайрылып, болгон чындыкты жеткирип, кырдаалды туура түшүндүрүүгө аракет кылса, илдет менен күрөшүү алда канча жеңил болмок да. Азыркы өлкөдөгү кырдаалды, биздин футбол боюнча улуттук кураманын арабдар менен бет келип, утулуп калган абалы менен салыштыргым келет. Алар жакшы оюн көрсөтө алган эмес, бирок, жалпы кыргызстандыктар алардын кылган аракетин баалап, мекенине кайтканда команданы жеңиш менен келгендей ураалап тосуп алышкан. Бирок, азыркы бийликтен ошончолук да күйүттү, аракетти көрө алган жокпуз. 

-- Жетекчилер кандай кемчиликтерди кетирди? 

-- Бийликтин чындыкты элден жашырып, ар дайым туура эмес маалымат берип келгени биринчи сокку болду да. Себеби аларга ишенип, “баардыгы бар экен, ооруга даяр экенбиз” деп жүргөнбүз. Көрсө, эч нерсе жок экен. Ошону ачык айтып, азыркыдай шарт түзүүгө эл аралык донорлордон, сыртта жүргөн биздин мекендештерден, кыргыз диаспора өкүлдөрүнөн жардам сураса болмок. Чечүүчү кызматтагылар ордун жоготуп коюудан коркуп, кемчиликти айтпай коюшту. Мындай болору буга чейин эле айтылган экен, бирок, эске алынган эмес. Биздеги негизги маселе – саясый бийликтин бир колго топтолгонунда болуп жатат. Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулуктун жоктугунан саясый институттар менен мамлекеттик органдардын өз алдынча иштебей калганы башкы көйгөй. 

-- Учурдагы кырдаал түзмө-түз президенттин дарегине айтылган сындарды ого бетер күчөттү, айрымдары анын кетүүсүн талап кыла баштады. Мамлекет башчы муну кандай кабыл алып жатат деп ойлойсуз? 

-- Коомчулуктун айтып жатканы сөзсүз мамлекет башчысына жетет деп ойлойм. Анткен менен алардын мындан сабак албаганы көрүнүп турат. Себеби, акыркы учурда бийликтегилерди мактап-жактаган троллдор, фейк аккаунттар көбөйүп кетти. Мындан тышкары, азыркы аткаминерлер президенттин рейтингин көтөрүү менен алектенип жаткандай. Булардын аткарган иштери, жасап жаткан кадамдары коомдогу нааразычылыктардын күчөп жатканынан белги албаганын, өзгөрүүгө барууга аракет да кылбай жатканын көрсөтүп турат. Биздегидей абалды көргөн адам кайрадан ойлонуп, көз карашын түп-тамырынан өзгөртүүгө барышы керек эле. Тилекке каршы, ал нерсе болбоптур. Дагы деле эски ыкмалар колдонулуп жатканы өкүнүчтүү. 

Отуз жылдык тарыхыбызда экономика, билим берүү, укук коргоо сыяктуу өлкөдөгү дээрлик баардык тармактарды эл аралык уюмдарга берип коюптурбуз. Муну менен биздеги саясый институттар элге жардам берүү сыяктуу жөндөмдүүлүгүн жоготуптур. Пандемия көптөгөн кемчиликтерди оркойтуп көрсөтүп койду. Эми биз ушундан сабак алып, мындан аркы багытыбызды аныкташыбыз абзел. Ар бир саясый орган, мамлекеттик мекеме табиятына жараша иш алып барганда гана өлкө өнүгүүгө бет алат.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер