Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал-губернатор Суваналиевден башка жетекчилер сабак алышса

Генерал-губернатор Суваналиевден башка жетекчилер сабак алышса

15-апрель, 14:01
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаштайынан эле “Комиссар Каттани” атка конуп, жигитчилик жүрүм-туруму менен коомдук сыйга татыган Өмүрбек Суваналиев кайсы иште болбосун көзүн таба билгичтигин, жогорку билимин, саясатта мыкты тажрыйбасы бар экенин көрсөтүп келет. Эми жакынкы күндөрү Фергана шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын делегацияларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөрү белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода өңдүү расмий өкүлдөрүнөн жана ишкер чөйрөлөрүнөн турган делегациялар Ферганага келишет.  

23-апрелде Фергана шаарында Фергана, Баткен жана Согди облустарынын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда “Чек ара аймактарынын интеграциясы – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу үч тараптуу бизнес форуму өтөт, анын алкагында кызматташуу жаатында пленардык жыйындар өткөрүлөт. Ошол визит программасынын алкагында үч аймактын башчыларынын жолугушуусу дагы каралган.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат, Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө барышат. Өзбекстандын Фергана облусу илгертен аңызга айланган, калк жыш жайгашкан өнүккөн облус. 

Тажикстандын Согди облусу да ондогон район, шаарлары бар, калктуу экономикалык жактан жетишкен белгилүү облус. Чектеш жайгашкан бул эки чоң облус менен кийин эле түзүлүп, көйгөйү көп, өнүгө элек Баткен облусунун алака түзүүсү – албетте, баткендиктердин кызыкчылыгына чечилген жакшы жылыш. 

Көзүн тапкан адам таштак жерге да гүл өстүрөт. Фергана, Согди облустары менен экономикалык карым-катнаш, тыгыз байланыш түзүлүп, жакшы иштер улана берсе, эртең эле Баткен облусу гүлдөгөн, өнүккөн аймакка айланарына ишеним чоң. Аз убакытта эле саясый жакшы жүрүштөрдү, иштерди алып барып жаткан генерал-губернатор Өмүрбек Суваналиевден башка облус жетекчилери да сабак алып, элдин жашоосун жакшыртууга салым кошушса... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер