Тилек Токтогазиев: “Чек арадагы коррупция азык-түлүк коопсуздугуна көйгөй жаратууда”
-- Тилек мыра, азык-түлүк коопсуздугунда кандай көйгөйлөр бар?
-- Атамекендик азык-түлүк коопсуздугунда эң негизги системдик бир көйгөй бар. Бул – чек арада турган көп жылдык туруктуу коррупциялык схемалар. Бизде бажы посту жайгашкан жерлерден сырттан контрабандалык товарлар кирет. Канчалык контрабандалык товар көп кирген сайын, ошончолук көп суммадагы накталай акча “крышевать” этип турган адамдарга түшүп турат. Алар ошол акчаны шайлоого жумшап, шайлоочулардын добушун сатып алып, кайра бийликке келип... ушул цикл ар дайым айланып жүрө берет. Бир мисалды кыстара кетейин, эгер мурун биздин атамекендик өндүрүшчүлөр 450 миң тонна ун өндүргөн болсо, азыр 150 миң тоннадан ашпайт. Бул мына ушундай иштердин кесепетинен деп түшүнөбүз. Эгер көп жылдык туруктуу коррупциялык схеманы талкаласак, анда биздин өндүрүшчүлөр керектелүүчү азык-түлүк коопсуздугуна кирген продукцияларды өндүрө баштамак жана туура жолго коюлмак. Азырынча биздикилер камсыздай алган жок.
-- Азык-түлүк коопсуздугуна кирген продукцияларды алдын ала пландап, фермерлерге, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болобу?
-- Албетте, бирок, биздин экономика пландуу экономикага кирбейт. Ачык директиваларды бергенге мүмкүнчүлүктөрү жок. Бирок, программаларды иштеп чыкса, ошону менен катар бизнесмендерге, фермерлерге жакшы шарттарды түзүп бериш керек.
-- Ал кандай шарттар?
-- Ушул тармактарга жаңы технологияларды алып келүү кажет, бул – биринчиси. Кыргызстандагы фермер орто эсеп менен бир жыл иштеп, 1500 доллар өндүрөт. Бул көрсөткүч өнүккөн өлкөдө 150-200 миң долларга чыгат. Ошол эле Аргентинада 330 миң долларга жетет. Аргентинанын бир фермери Кыргызстандын 210 фермери жасаган ишин жасап коёт. Экинчиси, кадрдык маселе, технологияларды түшүнгөн кишилерди биз даярдап беришибиз керек. Үчүнчүдөн, каржы меселеси. Аз пайыздагы узак мөөнөттүк кредит. Мүмкүн болсо күрөөсүз дегендей. Төртүнчүсү, мамлекеттин ички тоскоолдуктары жок болушу зарыл.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити