Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Начар эне экендигиңиздин 7 белгиси

Начар эне экендигиңиздин 7 белгиси

05-май, 12:07
1 689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Албетте, ар бир эне өзүн “жакшымын” деп эсептейт. Анткени адамдын кемчилиги эч качан өзүнө билинбейт. Эгер сиз эне катары өзүңүзгө баа бере албасаңыз, төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз. Бул пункттардын бир нечеси сизге тийешелүү болсо, өзүңүздү өзгөртүүгө аракет кылыңыз.

1. Балаңызды башка балдар менен салыштыра бересиз

Мындай кылууга болбойт. Анткени өзүңүздүн балаңызды башкаларга салыштыруу менен анын өзүн-өзү баалоосун төмөн түшүрөсүз. Андан көрө балаңыздын жакшы сапаттарын көбүрөөк баса белгилеңиз. Ошондо ал сапаттары андан бетер өнүгөт.

2. Балаңызга ишенбейсиз

Балаңызга ишенбегениңизди ачык айтып билдирүү эң жаман. Ошондой эле анын күндөлүгүн, телефонундагы же социалдык тармактардагы билдирүүлөрүн окусаңыз, анда сиз начар энесиз.

3. Пайдалуу нерсе жасаганга мүмкүнчүлүк бербейсиз

Айрым энелер балдарына тигини да, муну да жасоого уруксат беришпейт. Себебин бир нерсени сындырып же бузуп коюусу менен түшүндүрүшөт. Бул туура эмес, ар бир адам кетирген каталарынан улам бир нерсени үйрөнүүгө тийиш.

4. Өзүңүз жетпей калган нерсени балаңыздан талап кыласыз

Өтө чоң кемчилик. Бала сиз окуй албай калган окууга барууга тийиш эмес. Же болбосо ал үчүн эмес, сиз үчүн кызыктуу болгон ийримге катышышы керек эмес. Балаңыздын жандүйнөсүнө жакын нерсени тандаңыз.

5. Бардык нерсеге тыюу сала бересиз

Катуулуктун да чеги болот. Анын ар бир суранычына “жок”, “болбойт” деп айта берүүнү токтотуңуз. Эгерде токтотпосоңуз, балаңыз чечкинсиз, адам менен аралаша албаган түнт болуп чоңоёт.

6. Балаңыздын сырларын сактай албайсыз

Балдардын көпчүлүгү ансыз деле ата-энеси менен ачылып сүйлөшө беришпейт. Андыктан өзүнүн алгачкы сүйүүсүн же башка ички сырларын айтса, аны бардык эле келген кишиге айта бербеңиз.

7. Балаңыздын досторун тааныбайсыз

Балаңыздын досторунун аттарын эле эмес, жакын досторунун телефон номерлерин, үй даректерин да билүүгө тийишсиз. Бул камкор эне үчүн өтө маанилүү нерсе.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер