Улан ҮСӨЙҮН: “Мен гей менен дос болсом, гей болуп кетпейм да...”
Өткөн жазда Улан Үсөйүн Батыштын колдоосундагы “Гей-парадга” чыккандан кийин коомчулукка тааныла түшкөн. Мындай жийиркеничтүү акция улутчул катмардын каңырыгын түтөтүп, курч сын-пикирлерди жараткан болчу.
Ал эми 25-ноябрда кайрадан Улан Үсөйүн башында турган митинг өтүп, ага дээрлик бейөкмөтчүлөр жана жаштар катышты. Саясатты терең түшүнбөгөн студенттер кимдердин куралы болууда? Адам укуктарын бетке кармаган АКШ элчилигинин тарапташтары “Райым камалсын!” деген лозунг менен чыгышы ашачапкандыкты көрсөттү. Мына ушул акциянын жүрүшүндө эле адам укугу басмырланып атпайбы?..
Фейсбук колдонуучу Малик Ахметов баракчасына шектүү логиканы чыгарыптыр. Улан Үсөйүн минтип сүйлөп атат:
--Ар бир адамдын укугу тебеленбеш керек да. “Транс, гей” деп атасыз, ЛГБТ өкүлдөрүн айтып атасыз, алар эмне, өз каалоосу менен болуп калыптырбы? Ушул суроого жооп берип коюңузчу? Каалоосу менен болгону, тастыкталганы барбы? Мисалы, мен транс, же гей менен дос болсом, гей болуп кетпейм да...
Бул эмне деген жооп? Ачык айта албаганы менен аң-сезиминде шектүү мандем байкалган жокпу? Мына ушундай Улан Үсөйүнгө окшогон жаштарыбыз Батыштын куралы болуп, анан калса саясатты түшүнүп-түшүнбөй митингдерге чыга берсе, жаш муунду бузуп албайбызбы?..
Aryba.kg