Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарика Асылбекова: “Аракечтикке берилген атасынан кызды сактап калдык”

Дарика Асылбекова: “Аракечтикке берилген атасынан кызды сактап калдык”

03-октябрь, 16:42
889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова төмөндөгүдөй пост калтырды.

"Жакында аракечтикке берилген атасынан кызды сактап, кризистик борбордун коопсуз жайына жайгаштырдык. Бул окуяга өз убагында ыкчам чара көрүп, кыздын тагдырына кайдыгер карабай аман сактап калган мамлекеттик органдар менен аймактык тескөөчүлөрдүн салымы чоң экендигин баса белгилейбиз.

Кара-Суу районунун айылдарынын биринде атасы араккечтикке берилип, кызына зомбулук көрсөтүп, кесепетинен кыздын психологиясы бузулган. Кыздын атасы бир канча жылдардан бери ичкен сайын аялын урганы аз келгенсип, кызына да кол көтөрүп, зомбулук көрсөтүп сабап келген.

Кыз зомбулукка чыдабай кутулуу үчүн үйдөн качып кетип, ата-энеси кызды таап, үйүнө кайтарып алып келип да жүрүшкөн. Апасы иш жүзүндө атасынын зордук-зомбулугунан кызын коргой алган эмес. «Атаңдын бул кылыгына чыдап кой кызым, мен деле чыдап жашап келем” деп жүргөн. Атасы ичип, акча таппайт. Тескерисинче, кызды башка бирөөлөрдүн жумуштарын аткартып, акчасын алып жүрүшкөн. “Ага деле мейли, мен тапкан акча ата-энеме, бир туугандарыма пайдасы тийсе, тамак аш, кийим кече алса мен сүйүнөт элем, мага кол тийгизбесе болду эле” деп безилдейт кыз. “Мындай токмоктон, жашоодон, тажадым. Акыры чыдамым да түгөнүп бүттү. Өз жанымды кыюууга да даяр турдум. Эмне болсо болсун!” деп жардам сурап милицияга кайрылдым...

Бизге кыз тууралуу маалымат түшөрү менен Ош облустук администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башчысына, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кайрылдык. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кызды табышып, «Ак жүрөк» кризистик борборуна алып келишти. 

Бирок, кыздын атасы милиция кызматкерлерин укпай, кыз “барбайм” дегенине карабай күчкө салып кызды үйүнө кайра алып кетишти. Кыз кетип жатып, “эже, мени тозоктон куткарып калынызчы” деп ыйлаган боюнча кетти. Мен кызды куткаруу учун кайра дагы аракет жасадым. 

Андан эки күн өткөн соң милиция кызматкерлери кызды кайрадан кризистик борборго алып келишип, бизге тапшырышты.

Кыз өз атасынан көргөн зомбулуктан улам жандүйнөсү жабыркап, бул дүйнө жалаң гана зордук-зомбулуктан тургандай элес калганын айтып берди... Ал «кулчулуктан мени сактадыңыз» деп ыраазычылыгын билдирип, көзүнө жаш алды.

Кризистик борборго келери менен психологиялык колдоо көрсөтүлүп, жандүйнөсү менен иштөөгө туура келди. Кийин кыз жакшы көргөн жакын туугандары менен байланышты. Эжеси менен сүйлөштүрдүк, жолуктурдук, түшүндүрдүк, ошентип аны менен кошо кетүүгө маакул болду. 

Учурда ал ошол тууганы менен чогуу жашап, иштеп жатат.

Айта кете турган нерсе: акыркы мезгилдерде эл арасында аракечтиктин айынан үй-бүлөлөр бузулуп, балдарына зордук-зомбулук көрсөткөн аталардын саны арбып баратат. “Балдарыма тарбия берип, жакшылык тартуулайын, ак мээнет, адал эмгек менен багайын” деген аталардын саны азайып бараткандай сезилет.

«Ак жүрөк» кризистик борбору мындай тагдырга дуушар болгондорго укуктук жана психологиялык көмөк көрсөтүп келет...” деп жазган. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер