Казиного кимдер каршы? Баягы шектүүлөр, аракечтер, молдоке сөрөйлөр...
Оюн-зоок мыйзам долбоору талкууланып, көпчүлүк депуттардын колдоосуна татыды. Түз айтканда, Ысык-Көлдө казинолордун ачылышына жол чабылып, бул жайларга жергиликтүү тургундар кире алышпайт, негизинен чет элдиктер, туристтер үчүн каралганы ырас. Мындай практика өнүгүп аткан көп өлкөлөрдө бар.
Тилекке каршы, айрым депутаттар популисттик билдирүүлөрдү жасашып, казинолордун ачылышына каршы чыгышты. Алар динди, шарыятты оозанышып, көпчүлүктүн башын айландырууга ашыгышты. Мындай бузукулар күч органдары тыкыр көзөмөлгө алышарын, жергиликтүү тургундарга чек коюларын эстешкен жок. Мыйзамда каралган эрежелер так сакталары кажет эмеспи.
Ошентип, казинолор иштей баштаса мамлекеттин казынасына миллиарддаган сомдор түшөрү, туризм өнүгөрү, инвестиция тартылары шексиз. Экономикалык секирикти күтөлү. Аныгында элибиздин турмушунун жакшырышына өбөлгө түзүлөт. Дал ушундай келечекке карай ийгиликти көрө албагандар кимдер? Алар кечээ ар кандай оор кылмыштарга, кыз зордуктоого, коррупцияга шектелгендер, жада калса уюшкан кылмыштуу топтордо жүргөндөр, бакылдаган аракечтер, “чала молдо дин бузар” молдоке сөрөйлөр ж.б. Өздөрү арам иштердин чордонунда жүрүшүп, миң кубула трибунадан кооз сүйлөшүп, тымызын ыплас иштерди былгыткан “чимкириктер”... Мындайларга мамлекеттин өнүгүүсү кызыктырбайт!
Aryba.kg