Күйөөмдүн ойношу эми алимент талап кылууда...


Мен күйөөмдү жакшы көрөм, бирок анын чыккынчылыгын кечире албай келем. Бул көйгөйүм төрт жыл мурун башталган. Анын мурдагы сүйгөн кызы менен мамиледе болгону ачыкка чыгып калды. Ошол кыз биздин үйгө келип, баарын бетке айтып салды, күйөөм да мойнуна алды. Ошол учурда мен үчүнчү балам менен кош бойлуу элем (азыр төрт балабыз бар: эгиздерибиз 8 жашта, ортоңкусу 4 жашта, эң кичүүсү 2де). Ошондо аябай жаман болдум, ажырашууну чечкем, бирок күйөөм жанталашып, мени гана жакшы көрөрүн айтып, жалынып-жалбарып кечирим сурады. Ал кезде "мурдагы сезимдер" деп түшүндүргөн. Акыры аны кечирдим. Андан кийин жашообуз кадимкидей уланып жатты.
Күзүндө ошол кыз күйөөмдүн иштеген жерине келип, ал учурдагы мамилесинен чыккан баласынын атасы экенин айтыптыр. Ал кыз ошол кезде башка бирөөгө турмушка чыгып, кызыгы күйөөсүнө ошол баланы аныкы экенин айтып жүрүптүр. Бирок ал киши муну билип, андан ажырашып кетиптир. Күйөөм бул сөздөн кийин ДНК анализин жасатуу чечимин кабыл алды. Өз баласы болуп чыкты.
Эми ал аял алиментке аракет кылып, баласын тарбиялоого катышууга талап коюп жатат. Күйөөм буга макул болду, бирок мен аябай ызага батуудамын. Мурдагы чыккынчылыкты унутууга аракет кылгам, эми мунусун унутуу мүмкүн эмес, айлар-жылдыр бою жаңырып турат. Ал аял менен дайыма байланышта болушу керек. “Күйөөм эки үй-бүлөгө бөлүнүп жашайт” деген ой мээмден чыкпай жатат. Негедир жашоодон сокку алгандай болдум. Эч нерсеге көңүлүм жок.
Алтынай
"Азия Ньюс" гезити











