Текебаев президент Жээнбековдун тарыхта калуу мүмкүнчүлүгүн айтты

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин маектеринин топтому дагы бир китеп болуп чыкты. Буга чейин биздин “Азия Ньюс” гезитибизге эки жыл бою берген маектери топтолуп, “Түрмөдөн кат” деген жыйнак жарыкка чыккан. Бул жолу Elgezit.kg сайтына берген орус тилиндеги интервьюлары камтылып, “Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу” деген аталыш менен жарык көрдү.
Китептин ачылышына экс-президент Роза Отунбаевадан тарта, саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер, журналисттер келишти. Бир тобу Текебаевдин китебине оозеки рецензия берип, саясатчынын басып өткөн жолунан, анын тарых үчүн жасап келаткан иштерине баа беришти, өзүн макташты. Айрымдар темадан бурулуп, музейдеги көргөзмөдөн кийинки чууну улап, дагы бир топ “чуу” жаратышты.
Саясатчы, “атамекенчи” лидер Текебаев өзү чыгып, сөз сүйлөп, жакынкы мезгилдин күн тартибин аныктап койду. Китепте жарыяланган маектеринде бийликке карата, анын ичинде Сооронбай Жээнбеков үчүн сабак болчу учурлар көп экенин белгиледи. Текебаевдин пикиринде, президент Сооронбай Жээнбековдун тарыхый вазийпасы – жөнсалды маселе эмес. Жээнбеков канткенде тарыхта калчу президент боло алат? Бул жагынан бир катар сунуштарын айтты.
Биринчиден, иштеп жаткан мыйзамды оңдоп-түзөп, парламенттик шайлоонун босогосун үч пайызга түшүрүп, ошондой эле пропорционалдык системанын алкагында преференттик добуш берүү институтун киргизүүнү сунуш кылды. Антикоррупциялык кызматты УКМКнын башкаруусунан өкмөткө өткөрүү, милдеттерди бөлүштүрүүдө өкмөт башчыга тышкы саясат тармагында көбүрөөк милдет берүү – бул Жогорку Кеңешти жаңы эрежелер менен калыптандыруу процесиинин өндүрүшү гана, демек, премьер-министрдин алдыңкы саясаттагы авангардын аныктоо болуп саналат.
Өмүрбек Текебаевдин дагы бир маанилүү сунушу – Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен бийликтен баш тартуу керек экендигин түшүндүрөт. Башкача айтканда, ал мөөнөтүнүн аягына чейин президент бойдон калат, бирок, милдеттери кыскарат. Бүтүндөй реалдуу бийлик өкмөт башчысына өтөт.
“Ата Мекендин” лидери сунуш кылган мындай вариант Сооронбай Жээнбеков үчүн эң оптималдуу. Башкаруу формасын президенттиктен парламенттикке өткөрүп, түп-тамырынан бери өзгөртүү Сооронбай Жээнбековду келечекте күйгөн оттон сактап калышы мүмкүн. Анткени, президенттик такты анчейин көз кычыштырбай калат. Бүтүндөй чыныгы саясат, өлкөдө болуп жаткан көрүнүштөргө жоопкерчилик Жогорку Кеңеш менен өкмөткө өтөт. Кетип жаткан президенттен эч ким өч албайт, анткени өч алганга себеп да болбойт.
Эгерде, Сооронбай Жээнбеков жакшылап таразалап, ойлонуп туруп, Кыргызстанды парламенттик республикага айлантса, анда президент катары вазийпасын аткарган болобу?..
Дария БАЙКЕЛОВА
"Азия Ньюс"гезити