Жылдыз Бекбаева: “Президент өз сөзүндө айткандай, мамлекеттик ипотекалык насыялар берилүүдө”

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын PR-менеджери менен маек.
Айрымдар турак жай кооперативдеринен жабыркап, алардан күмөн санап, үй сала албай, үй ала албай жүргөндө мамлекеттин жеңилдетилген пайыз менен ипотека бергени чоң мүмкүнчүлүк. -- Учурда президентибиз киргизген жеңилдетилген пайыз менен ипотека алгандар болуп жатабы?
-- Мамлекеттик ипотекалык компания боюнча президент өз сөзүндө айткан жеңилдетилген пайыздар менен алгандар, албетте, болуп жатат. Биз жаңы программага ылайык, 2021-жылдын октябрь айынан баштап мамлеккеттик кызматкерлер, бюджеттик тармактарда иштегендер үчүн 4%дан, калган жарандар үчүн 8%дан берүүнү баштаганбыз. Бүгүнкү күндө жалпысынан 2 млрд. 325 млн. 785 миң сомдук каражат жумшалып, дээрлик 900дөй жаран 4%дан ипотека алышкан. Ал эми жаңы жылга чейин 104, жаңы жылдан кийин жалпысынан 163 жаран 8%дык багыт менен алышты. Ошондой эле мурунку алган ипотекалык насыялардын пайыздык чектерин түшүрүү улантылууда.
-- Мамлекеттик мекемелерде иштебегендерге кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
-- Мамлекеттик ипотекалык компания негизинен эки багыт менен ипотекалык насыяларды берет. Бул мамлекеттик жана бюджеттик тармактарда иштеген жарандар үчүн “льготная ипотека” деген багытыбыз бар. 4%дан 25 жылга чейин беребиз. Ал эми калган жарандарга пайыздык чен 8%дан 25 жылга беребиз. Болгону ошол жарандардын салыктары, социалдык төлөмдөрү төлөнүп турган болушу шарт.
-- Учурда шаарыбыз сапаттуу, заманбап салынган жаңы үйлөргө муктаж. Жер үлүшү бар, бирок үй сала албай, курулуш иштерин жүргүзө албай жүргөн жарандарга да варианттар барбы?
-- “Үй салам” деген жарандарга кредит алууга варианттар бар. Жер үлүшү болсо, биздин порталга кирип заявка толтурат. Ошол заявкасы текшерүүдөн өтүп, жактырылгандан кийин үй курууга ипотека алса болот. Мында каржылоо бөлүнүп-бөлүнүп берилет.
-- Учурда арыз бергендер кабыл алынабы же чектөөлөр барбы?
-- Учурда ипотекалык компания онлайн түрүндө заявкаларды кабыл алууну улантып жатат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында 35 миңден ашуун жаран заявка калтырган. Анын 11 миңден ашууну бизден жактырылып, 4 миңге жакын жаран азыр банктарда автоматташтырылган онлайн кезекте турат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити