Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Осмонбетов: “Америка менен жаңы мамилеге, келишимдерге муктажбыз”

Эдил Осмонбетов: “Америка менен жаңы мамилеге, келишимдерге муктажбыз”

25-март, 21:07
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт менен маек.

-- Өлкө башчысынын эл аралык кызматташтык боюнча сапарлары сизди кандай ойдо калтырды? Мамилелер өзгөрдүбү?

-- Азырынча үмүт бар. Өткөн жылдагы октябрь окуясынан бери өлкөбүздүн эл аралык мамилелери кескин төмөндөгөн. Кыргызстанды кайрадан эл аралык мамиледе көтөрүүдө жана таанытууга чоң максаттар бар болчу. 4-5 айдан бери бул багыттан, мамиледен аксадык. Биринчи жолу өлкө башчынын сапары Россияга болду. Мамлекеттик денгээлде Казакстанга, Өзбекстанга болгон сапарлар түзүк болду.  

Эл аралык сапардын үч түрү болот. Биринчиси эмгек сапары, экинчиси расмий сапар, үчүнчүсү мамлекеттик сапар. Коңшу мамлекет эң жогорку деңгээлде тосуп жатса – бул мамлкеттик сапар. Коңшу мамлекет же чакырган мамлекет сөз жок Кыргызстан менен мамилесин жаңылады.

 Акыркы убакта ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен иштешип жатабыз. Бирок, бизде Батыш мамлекеттери менен бүгүнкү күндө жакшы мамиле жок. Биринчи кезекте АКШ менен мамлени кайрадан жаңыртып, келишимдерди түзүшүбүз керек. Алар Кыргызстанга жаман мамиле жасаган жок. Бирок сөзсүз тышкы мамиле болгондо, улуттук кызыкчылыгыбызды жоготпошубуз шарт. АКШ биринчилерден болуп эгемендүүлүгүбүздү колдоп, каражат бөлгөн. 

Бүгүнкү күндө коңшу мамлекеттер менен сөзсүз иштеш керек. Бирок Америка менен жаңы келишимдерге муктажбыз. Ошондон соң эки мамлекеттин ортосунда эч кандай тоскоолдук, дубалдар болбойт. Биз жогорку деңгээлге чыгып, алар бизге жардам берет. Каражат жагы менен бирге виза келишимдери жаңыланат. 

-- Эл аралык сапарларда бир топ келишим, документтерге кол коюлду. Сизди канааттандырдыбы?

-- Азыр баары кагаз жүзүндөгү келишимдер болду. Анын баары жүзөгө ашса, ошондо баары айкын болот. Ага убакыт керек. Келишимдер ишке кирип, инвестициялык долбоорлор иштей баштаса – албетте, биздин жеңишибиз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер