Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда психикалык оорулар менен каттоодо турган 52 миң адам бар

Кыргызстанда психикалык оорулар менен каттоодо турган 52 миң адам бар

14-октябрь, 20:52
116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Кыргызстанда 2026-жылдын башына карата психикалык бузулуулар менен каттоодо турган 52 миң адам бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдардын иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

     Ал Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан психикалык оорулары бар адамдарды каттоого алуу, медициналык көзөмөлгө алуу жана дарылоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле бул тармактагы реформалар тууралуу маалымат берди.

     Министрдин орун басарынын айтымында, өлкө боюнча 138 психиатр дарыгер иштейт. Адистердин жетишсиздигин жоюу максатында аймактардагы медайымдар менен дарыгерлерди психиатриялык жардам көрсөтүүгө даярдоо программасын иштеп чыгуу пландалууда.

     Ошондой эле Кыргызстанда жалпы дарыгерлик практика боюнча 78 борбор бар. Алардын 43үндө психиатрлар жана наркологдор эмгектенишет.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер