Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажыбай, саясат талдоочу: “АКШ эки үналгысы менен дүйнө жүзүнө белгилүү болгон”

Алмаз Тажыбай, саясат талдоочу: “АКШ эки үналгысы менен дүйнө жүзүнө белгилүү болгон”

17-февраль, 17:52
926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- АКШнын президенти Дональд Трамптын жана миллиардер Илон Масктын акыркы кадамдары, айрыкча “Азаттык” үналгысы тууралуу билдирүүлөрүнө кандай пикирдесиз?

-- Бул чечим Илон Масктын каалоосу гана, ал азырынча ишке аша элек. Тоталитардык жана автократиялык саясый режимге каршы чыккан АКШ эки үналгысы менен дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. Ошондой эле ар бир ири өлкөнүн дүйнөгө белгилүү жалпы маалымат каражаттары бар (“Азаттык” үналгысынан башка, мисалы DW, BBC, “Аль-Жазира” ж.б.). Алардын баары эл аралык журналистика стандарттарын эң бийик сакташат. Мисалы, бир беттүү эмес жана текшерилген маалыматтар деп айтсак болот. АКШ мамлекетине таанылган уналгылары жабылса, анда аны колдонгон кардарлары ишенимдүү маалымат ала албай калышат, натыйжада ЖМК азайып, маалыматтар солгундап калат. 

ХХ кылымдын ортосунда түзүлгөн жогорудагы үналгылар болбосо, Совет доорунда айтылбаган маалыматтарды Азамат Алтай Мюнхенден кыргыздар жөнүндө дүйнөгө маанилүү маалыматтарды кабарлабайт эле. Совет доорунда жана кыргыз элинде болгон окуялардан чын маалыматтарды дүйнөдөгү элдер алалмак эмес. Мисалы, Чернобыль атомдук кырсыгы, Алматыдагы 1986-жылкы Колбинге каршы Желтоксан көтөрүлүшү, ГКЧП, Аксы окуясы ж.б. коогалаң окуялар, коррупциялашкан кызматкерлер, Кумтөр маселеси жана ушундай миңдеген маалыматтар чыкпай калмак. Азыр деле “Азаттыктын” кыргыз кызматында интернет булактарынан таза кыргыз тилинде жазылган же аудио-видео материалдарын дүйнөдөгү же өлкөбүздө болуп жаткан маалыматтарды толук таба алабыз. 

Көп эркин ЖМК иштеп турса, ошончо чындык жаралат же альтернативдүү ойлор жаралат. Ал эң маанилүү, анткени элге сынчыл ойломду туудурат. Демек, эл жана бийлик туура чечим кабыл алышса, көпчүлүктүн жашоосу жеңилдейт, кыйла көйгөйлөр чечилип калат. 

-- Ошондо көрүлгөн аракеттер натыйжасызбы?

-- Эгерде Илон Масктын демилгеси чындап эле ишке ашса, анда Америка мамлекети демократия моделин Ж.Вашингтон (1796-ж) президенттик бийлигин башкага тынч жолу менен өткөрүп берген убактан бери дүйнөгө тараткан өлкө катары жок болот. Ошондой эле өзүнүн демократиялык мамлекетинин аброюн четке кагат.

Менимче, азырынча жыйынтык кылбай туралы. Анткени, бул үналгыларды жабуу үчүн Американын бийлиги, өзгөчө сенаттагы жана конгресстеги депутаттар оң өлчөп чечим кабыл алат. Мүмкүн кандайдыр бир болгон натыйжасыз ишин жокко чыгарып өзгөртүшөт, каржылоосу же географиясы кыскартылат, бирок эки үналгы толугу менен жабылбайт.    


 "Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер