Акыркы кабарлар
» Саясат » Турсунбай Бакирдин “бузукулугу” Медербек Малабаевге жугуп калганбы?
Турсунбай Бакирдин “бузукулугу” Медербек Малабаевге жугуп калганбы?
08-сентябрь, 15:53

Катаал саясый күрөштү баштан кечирип аткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясы ушундай кырдаалда тазалануу жолунда экен. Бийликтин кысымында калганда кимдин-ким экени ачык көрүнөт эмеспи. Кызыгы, тизмедеги айрым эргулдар “ойноп”, туруксуздугун көрсөткөнү байкала баштады. Маселен, Медербек Малабаев “Бүтүн Кыргызстандан” кетип атканы каңкууланды. Ал партиянын соттошуу процессинде туруп бербей, кылчактап калганы кандай? Мындай суу жүрөктөр депутат болууну, саясатка аралашууну эмне кылат? Кыскасы, Медербек Малабаев жек көрүндүгө кабылбай, оокатын оолак кылганы калды окшойт...
Баса, партия менен чырлашып кеткен Турсунбай Бакир уулу экөө бир жерден, Кара-Суу районунан болушат тура. Бири-бирине “бузукулугу” жугуп калганбы?..Aryba.kg