Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызык, депутат Кожобек Рысбаевдин тили орусча чыкканбы?

Кызык, депутат Кожобек Рысбаевдин тили орусча чыкканбы?

29-октябрь, 13:01
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзүн элдин “элитасымын” деп эсептеген Кожобек Рысбаевдин тили орусча чыкканбы? Же Суусамырда жалаң орусча сүйлөшөбү, же өзүнүн өтө эле “билимдүү” экенин көрсөтөйүн дейби, ким билсин, айтор, анын парламентте сүйлөгөн эки сөзүнүн бири орусча.  Салык боюнча күпүлдөп жатып айткандарына кулак салыңыз: “каждый второй”, “эл уходит”, “соответсвиеге келтириш керек”, “итак эле”, “например”, “сбор мурун”, “подозрение бар”, “проходимосту караш керек”, каерде нарушение”, “галстукту кийип алып”, “человеческий фактор”, “сравнительный карап туруп”.  Эми базарда галош саткандар эле ушинтип сүйлөбөсө, элита эч качан минтип шалпып сүйлөбөйт. Элита адыраңдабай, шаңыраңдабай эле тил маданиятын сактап, кыргызча сүйлөсө кыргыздар ыраазы болгондой, орусча сүйлөсө орустар рахмат айткандай сөздүн гүлүн терип, кыраатын келтирип, жүйөсүн негиздеп айтат. Элита тилди кор кылбайт, сыйлайт, өнүктүрөт, өрнөк көрсөтөт, элге жарыгын тийгизет. 

“Бөксө чайнек катуу кайнайт”, же “Пустая бочка пуще гремит” демекчи, Кожобек Рысбаев “мен элитамын” деп көкүрөгүн кагып, дардалаңдаганды коюп, жок дегенде Мыктыбек Абдылдаевге түздөнсө, беш жылдан бери анча-мынча сабаты жоюлуп, кыргызча маданияттуу сүйлөгөндү үйрөнүп калат беле?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер