Гүлжигит Аалыев: “Covid-19 боюнча абал оор. Бирок, баары биздин көзөмөлдө”
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалыев менен коронавирустун экинчи толкуну тууралуу маектештик.
-- Ковид боюнча жалпы жагдай кандай?
-- Covid-19 боюнча абал оор. Бирок, баары биздин көзөмөлдө. Биздин ооруканада 16-ноябрга карата 324 бейтап бар.
-- Бул жолкусунда биринчи толкундан кандай айырмачылыктары байкалууда?
-- Биринчи менен экинчи толкундун айырмачылыктары деле жок. Болгону оорулуулар көп. Бирок, бизде жана башка ооруканаларда кошумча орундар жетиштүү.
-- “Жаш балдар арасында көбөйөт” деген сөздөр айтылды эле...
-- Азырынча жаш балдар арасында вирустун көбөйүшү байкалган жок. Мектептердин дагы жабык туруусу балдар арасында оорунун жайылып кетүүсүнүн алдын алууда.
-- Медиктер арасында ооругандар көппү? Алардын айыгып, калыбына келүүсүнө мүмкүнчүлүктөр берилип жатабы?
-- Дарыгерлер арасында ооругандар дагы деле бар. Албетте, алар ооруканаларда дарыланышууда. Кийин ден соолугу толук калыптанга чейин үй шартында көзөмөлдө болушат.
-- Ковидди дарылоо методунда кандай жаңылануулар киргизилди?
-- Дарылоо методун жаңылоодо клиникалык жетекчинин бешинчи версиясы жарык көргөнү турат.
-- Мындан аркы алдын ала прогноздор кандай?
-- Алдын ала айтуу кыйын. Бирок, сезондук ОРВИ менен кошул-ташыл болобу деген кооптонуулар бар.
-- Элге ковидге каршы турууда кандай сунуш-пикирлерди берет элеңиз?
-- Беткап тагынууну унутпаңыздар! Антисептик колдонуп, эл көп чогулган жерге барбай жана оорунун белгилери бар болсо, дарыгерге кайрылыңыздар!
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити