Акыркы кабарлар
» Саясат » Садыр Жапаров: “Быйыл бир да тыйын карыз алган жокпуз”
Садыр Жапаров: “Быйыл бир да тыйын карыз алган жокпуз”
31-август, 11:57
1 123 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатта президентСадыр Жапаров2020-жылдагы оор экономикалык абал, пандемиянын кесепеттери тууралуу айтып, өзү бийликке келгенде бюджет бош болгонун айтты.
“2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүү темпи 8,6% төмөндөгөн. Азыркы учурда пандемия уланып жатат. Бирок ага карабастан 2021-жылдын жети айында экономикалык активдүүлүк акырындап калыбына келүүдө. Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир тыйын жок эле. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык, соода-сатык жокко эсе. Мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн кирешеси да төмөндөйт. Ошондой болсо да экономикалык оор абалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл финансылык ресурстарды туура колдонуп, чукул иш-чараларды жүзөгө ашырып, болочок муундун келечегине эмитен кам көрүү үчүн стабилизациялык фонд түзүп жатабыз” деди Жапаров.