Акыркы кабарлар
» Коом » Унаадан эч нерсе калбады.Токтогулда үрөй учурган жол кырсыгы катталды
Унаадан эч нерсе калбады.Токтогулда үрөй учурган жол кырсыгы катталды
03-август, 11:56

Бишкек–Ош жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.
Аталган маалыматка таянсак, Жалал-Абад облусунда «Honda CR-V» менен «Mercedes-Benz Sprinter» унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган С.Р. каза тапты. Мындан тышкары, 4 эркек, 2 аял жабыркады.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барып, каза тапкан эркектин сөөгүн унаадан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.
Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын абалы оор.