Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биздегидей жомоктор жок, АКШда шайлоо «көңүлсүз» өтөт

Биздегидей жомоктор жок, АКШда шайлоо «көңүлсүз» өтөт

11-сентябрь, 11:05
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Демократия деп күйгөн Америкада шайлоо системасы биз ойлогондон такыр эле башкача.

Бизде шайлоо системасына бийлик алмашкан сайын ар жылы ар кандай өзгөрүүлөр киргизилсе, бул жакта качантан түптөлүп келген система көптөн бери эч өзгөрбөй келет.

Биздегидей тууган, достор менен партия түзө калып, анан 50дөй партия шайлоого катышам деп тытынып, аягында 17 партиянын кайсынысына добуш берем?” деп элдин башы оорубайт. 330 миллион калкы бар өлкөдө илгери эле калыптанып калган эки партия бар – Демократтар жана Республикачылар, болду. Жок, партия түзөм десең, эч ким кой дебейт, бирок ал партияңды эч ким колдобойт, бекер эле акчаң кетет.

Партиялар жергиликтүү башкаруу кеңештергеби, же конгресске шайлоодобу, айтор, өздөрүнүн шайлоо программаларын жарыялашат. Бирок биздегиден айырмасы – элдин турмушун, мамлекеттин экономикасын, саясый-социалдык абалын өркүндөтө турган мыйзамдарды, шарттарды түзүү боюнча гана иш-чараларды кантип ишке ашыруу керек экендигин элге сунушташат.

Биздегидей баланча жол саламкөпүрө, мектеп курам“МАИлерди жок кыламОПГны соёмар бир төрөлгөн балага 50 миң сом беребизБаткенге газ жеткиребиз ж.б. деп жергиликтүү же федералдык аткаруу бийликтери, же бир жеке компаниялардын ишин айтып программа катары кыйкырышпайт. Биздегидей шайлоого бир ай калганда акча көп кетпей турган шагыл төкмөй, балдар ойногон аянтча ачмай дегендерди жасашпайт.

Ошон үчүн Америкада шайлоолор такыр кызыксыз. Столбдорго эч нерсе чапташпайт, көчө менен бир болгон баннерлерди илишпейт. Анткени, ал кагаздардын көлөмү канча болуш керек, эмне жазылыш керек, канча санда чыгарылыш керек, кандай жерлерге коюлуш керек, качан орнотулуп, качан алыныш керек – баардыгы мыйзам чегинде аткарылат. Болбосо, ал талапкер шайлоодон аёосуз четтетилет.

Үймө-үй кыдырышып календарларды, плакаттарды таратышпайт, мындайга тыюу салынган. “Чогулуш өткөрөм” десең өткөр. Көчөдө өткөрсөң уруксат алышың керек. Эгер имараттын ичинде болсо, анда ижарасын төлөп, келишим түзүшүң керек. Баса, бекер концерттер да жок. Телевидениеден үгүттөө, дебаттар да мыйзам чегинде болот.

Шайлоого катышкан талапкерлер декларациясын көрсөтүп, эгер бир нерсе туура эмес болсо, бир нерсе жашырган болсо, анда ал талапкерге шайлоо бүттү! Шайлоо фондун түзсө да болот, ачык-айкын, кимден канча акча түшкөнү, каякка сарпталганы көрсөтүлөт. Бул да мыйзам чегинде болуш керек, каалагандай акча алып, каалагандай корото албайсың.

Көрүнгөн киши эле талапкер боло албайт. Ал үчүн эки партиянын биринде мүчө болуп, көп жыл активист катары таанылып, биринчи чакан райондон (district), мисалы, Бишкектин 5-кичирайонунан же Кызыл-Аскерден, партиядан шаардык кеңешке шайлоого талапкер болуп, анан чоң округга өтүп, андан кийин гана шаарга өтүшү мүмкүн. Биздегидей бир партиядан экинчи партияга секирип, лидер боло калып, депутаттыкка алдыңкы катарда тизмеге кире калуу деген жок, бул жакта андай болушу мүмкүн да эмес.

Шайлоочу болуш үчүн каттоодон өтүшүң керек: 18 жаштан жогору, АКШнын жараны, психикалык ооруң болбош керек, бир штатта туруктуу 6 ай (кээ бир жерлерде 1 жыл) жашашың абзел. Кээ бир штаттарда түрмөдө отургандар, отуруп чыккандарга да шайлоо боюнча мыйзамдар, чектөөлөр бар.

Шайлаш үчүн участокко барбай эле добушуңду почта менен салсаң да болот, же участокко барыпшайлоо машинесине добуш саласың. "Шайлоого бар" деп домком, жетекчиң айдабайт.

Ким көп добуш алса жеңет, бир процент шайлоочу катышса да. Ким канча пайыз добуш алды?”, “Канча пайыз шайлоочу келди?” деп баш оорутушпайт. Бул эми жергиликтүү шайлоолордо. Ал эми президенттик шайлоодо башкача система.

Шайлоо күнү кадимкидей эле тынч, эч бир шаан-шөкөт жок эле өтөт. “Баланчага бер, акча беребиз, же бизге добуш бербесең иштен кетиребиз, таарынабыз” деген жок.

Ооба, америкалыктардын шайлоосунда деле кемчиликтер болот, баардыгы идеалдуу деп айта албайм. Бирок, мен жогоруда жазгандар бир чети эле. Кайсы жагын албайлы, Америка менен биздеги шайлоолор асман менен жердей айырма, айта берсе толтура.

Бизде шайлоо ушундай өтөт деп айтып берсең таңкалышат, “силерде элдер качан иштешет? Ошончо партиялар кайдан акча алышат? Ошончо баннер-плакаттарды кантип илишет? Жолго, элге тоскоол болуп, шаар көрүнүшүн бузбайбы? Кийин кантип тазалашат? Концерттер кызыктуу болот окшойт, депутат болуш силерде тозок турбайбы?” ж.б. деген суроолор толтура. “Шайлоо силерде оригиналдуу, укмуш кызык экен” дешет...

Кыргызстанга барып келген бирөө “силерде ресторан, кафелер, дискотека, шайлоолор концерттер менен, аябай көңүлдүү турмуш” деп күлдү...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер