Президент Садыр Жапаровго кандай кеп-кеңештериңиз, сунуштарыңыз бар?
Жыл алмашты. Өзгөрүүлөргө кадам ташталышы керек. Андыктан, суроо салалы: “Президент Садыр Жапаровго кандай кеп-кеңештериңиз, сунуштарыңыз бар? Жаңырган жылда мамлекетибиз ири ийгиликтерди багындыра алабы? Элдин жашоосун кантип оңдосок болот?” деп...
Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:
-- Учурдан пайдаланып, баардык кыргызстандыктарды 2022-жаңы жыл менен куттуктайм! Президент Садыр Жапаровго кеңешим, албетте, бар. Эң алды сабатсыз, жалкоо, өзүн гана ойлогон, бирок ал "сапаттарын" өтө митайымдык менен жаап-жашыра билген чиновниктерден тез арылса. Бул жылы күнү-түнү экономиканы көтөрүү менен алек болсо. Инвестицияны тартуу ишин колго алса. Анан, албетте, билим берүү тармагына көңүлүн бурса. Бул тармак толугу менен талкаланды. Ал жерде жооптуу кызматтарды көбүнчө жалаң гана бүлүндүргүч паракорлор ээлеп алышкан. Кыргыздын келечеги жок болгону турат! Эң акырында айтарым, улуттук идеологияны жолго салуу иштерин күчөтсө. Эл болуп багытыбызды аныктай албай келебиз!
Алмаз Тажибай, саясый серепчи:
-- Келе жаткан 2022-жылда кыргыз бийлигинин алдында элдин талабын аткарууда көп көйгөйлөр турат. Социалдык жана экономикалык эле эмес, саясый туруктуулукту сактоо боюнча да көйгөй бар. Учурда мамлекеттик институттардын элге кам көрө турган алсыздыгын комплекстүү түрдө көтөрүү актуалдуу. Территориялык жана административдик өзгөрүштөргө, бийликти Конституцияга ылайыкташтырып борборлоштурууга жана анын жоопкерчилигин көтөрүүгө окшогон терең реформаларга барыш керек.
Мамлекеттик кызматчылардын жана жергиликтүү бийликтин адистигин жогорулатуу, таза жол менен кызматка тандоо жана аларды даярдоо маселелери бар. Жергиликтүү кеңештердин жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу сапатын жана аткаруу бийлигиндеги мыйзамдарды жүзөгө ашыруу көзөмөлүн жөнгө салуу боюнча иш аракеттерди күчөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын сот тармагын системалык өзгөрүүлөр күтүп турат. Мамлекеттик органдардын элге карата тейлөө чарасын жакшыртуу шарттарын түзүү жана өзгөчө укук коргоо органдардын жана коопсуздукту камсыз кылууда укук үстөмдүгүн жөнгө салып, саясый оюндарга аралашпай, мыйзамга гана кызмат кылуусун кароо шарт.
Шайлоо системасындагы кризисти жана ага элдин ишенимин жоготуу кемчиликтерин жоюу, толук кандуу электрондук шайлоого өтүү – зарыл иштердин бири катары эсептейм. Өкмөт, албетте, экономикалык өзгөрүшкө, элдин шартын жеңилдеткенге заманбап технологиялар менен башкарууга баруусу шарт. Салык, бажы жана башка кызматтар санарип технологиягынын негизинде тейлөө жүргүзүүсү эчак бышып жетилген. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга видео интернет аркылуу “коопсуз шаар”, “коопсуз аймак” жана “коопсуз өлкө” долбоорлорун ишке ашыруу зарыл.
Бирок ушул негизги максаттарды ишке ашырууга, биринчиден, жарандык коомдун жакшы иштөө шарттарын камсыз кылыш керек. Мисалы, укук, саясый жактан болгон тоскоолдуктарды, 2021-жылы кабыл алынган мамлекеттик уюмдарга каршы жана сөз эркиндигин тыюу мыйзамдарын жокко чыгаруу менен адам укугун терең камсыз кылуу иш аракеттери зарыл. Эң маанилүүсү, билим берүү жана саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөсүндө реформалардын зарчылыгын эл көрүп жана күтүп турат.
Ошодуктан мамлекеттик кадрларды даярдоодо меритократия системасын киргизүү – эң мыкты адистерди таап жана аларды чоң конкурстан тандалма жол менен кызматтарга дайындоо шарт. Бийлик башчыларын дайындаганда орто кылымдагы непотизм, уруу-тууганчылык, жердештик, достук принциптерин артка биротоло ташташыбыз абзел.
Элге жакшылык кылабыз десек, мыйзамдардын сапатын эл менен терең талкуулап, кабыл алып туруу керек. Келе жаткан жылда бийлик “кеңешип кескен бармак оорубайт” макалын пайдаланганы өтө орундуу.
Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:
-- Садыр Жапаров кадр маселесине көңүл бурбаса, өзүнө, экономиканын өнүгүшүнө катуу залал келиши мүмкүн. Өтө кылдаттык, чечкиндүүлүк менен чек ара маселесине көңүл бөлүүсү зарыл. Азык-түлүк, күйүүчү майлар жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын кымбаттаганы карапайым элдин нааразычылыгын өркүндөтүүдө. Коррупционерлерден күч органдары аркылуу өндүрүлгөн акчалар кайда жана кандай коротулуп жаткандагы тууралуу ачык маалымат берилеби?..
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити