Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оппозиция чапанын жамынган “конторский” Максат Мамытканов бийликтин долбоору

Оппозиция чапанын жамынган “конторский” Максат Мамытканов бийликтин долбоору

23-август, 13:16
1 022 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кой терисин жамынган карышкыр” дечү беле? Мындайлар саясый майдан чыңалганда ар дайым пайда болот эмеспи... “Чоң казат” партиясы менен аламанга аттанган Максат Мамытканов шайлоо күрөөсүнө болгон 5 миллион сомду элден чогултуп койгонун жар салып, жеңишке жетчүдөй бакылдай баштады. Эл тарабында болгондой түр көрсөтүүдө. Бирок, бул “уюктун” активдүү мүчөсү Сыймык Жапыкеев радикалдуу оппозициялык багытта кете баштаганда, аны тыйып, тынчтандырып койгон. Аныгында, булар эч кандай оппозициялык нукта кете алышпайт. Себеби, Максат Мамытканов УКМКда башкармалыктын начальнигине чейин жеткен. Системанын ички тартиби боюнча алсак, иштеп кеткен кызматкер өмүр бою жашыруун түрдө УКМКга кызмат кылат. “Жең ичинен иштейт”. Андыктан, “Чоң казат” оппозиция чапанына чүмкөнүп, бирок бийликтин долбоору катары кала бермекчи. Бул реалдуу турмуш да. Баса, Сыймык Жапыкеевди 10 миллион сомго Кубанычбек Жумалиев сотко берген, натыйжада, 10 миң сомго гана утулду. Эми Бишкек шаардык сотуна барганда Сыймык Жапыкеев “суудан кургак” чыгып кетиши мүмкүн. Көрдүңөрбү, мындай иштер “көшөгө артынан бармак басты, көз кысты” аркылуу бүтөт турбайбы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер