Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүн Өмүрзаков: “Чек арада ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болгону менен жыйынтык жок”

Сүйүн Өмүрзаков: “Чек арада ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болгону менен жыйынтык жок”

17-июнь, 11:00
361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сүйүн Абдылдаевич, сиз Ош шаарын таза суу менен камсыздоо боюнча бир нече жолу маселе койдуңуз эле. Бул багытта кандайдыр бир жылыш барбы?

-- Биз бул боюнча министрлер кабинетине, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө маселе койдук. Протоколдук тапшырмалар берилген. Бирок, тилекке каршы, мендеги маалымат боюнча азырынча жылыш болбой жатат. Күтүп атабыз.

-- Жолугушкан учурда шайлоочуларыңыз дагы кандай көйгөйлөрдү айтышат?

-- Эң чоң көйгөй – бул жол, жайыт, чек ара маселеси. Түштүк жакта “Пүлгөн”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” өткөрүү пункттары иштейт. Биздин жарандарыбыз Өзбекстандагы туугандарына, же жеке иштери менен барыш керек болуп калса, Ала-Бука, Аксы тарапта жашагандар айланып келип өтүүгө аргасыз болушат. Ошондуктан, эл Аравандан, Жалал-Абад тараптан да өткөрүү пункттарын ачып берүүнү суранышууда.

Чек ара маселеси өзгөчө курч турат. Мурда чек арадагы чыр-чатактар анда-санда бир болсо, азыр дээрлик ай сайын кайталанчу болду. Туура, ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок жыйынтык көрүнбөйт. Бул маселеге чекит коюлбаса болбойт. Өткөн жылкы чыр-чатакта канчалаган жараныбыз жаракат алып, жаш балдарыбыз жабыркады. Канчалаган социалдык объектилер талкаланып, аларды кайра калыбына келтирүүгө аргасыз болдук. Ошол каражаттарды мектептерди, балдар бакчаларын, ФАПтарды курууга жумшасак болбойт беле? Менин терең ишенимимде бул маселе себептери иликтенип, дипломатия, сүйлөшүү жолу менен гана чечилүүгө тийиш. Күч менен чечебиз дегенде эки мамлекет тең утулат, чоң жоготуулар болот.

-- Сиз көп жыл ички иштер министринин орун басары кызматын аркалагансыз, кесипкөй милиционерсиз, генералсыз. Эгер ИИМден кызмат сунуш кылышса кайра барат белеңиз?

-- Мен бул тармакта 33 жыл, 8 ай, 24 күн иштедим. Мен иштеп турганда бизге керектүү көп мыйзамдар парламенттен өтпөй калып жатты. Ошондуктан азыр Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруучу катары иштөө гана ниетим бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер