Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдрасулова: “Күч органдарынын жетекчилерине чара көрүүгө шарт түзүлдү”

Азиза Абдрасулова: “Күч органдарынын жетекчилерине чара көрүүгө шарт түзүлдү”

08-июль, 10:54
1 574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Орхан Инандыны Түркия алып чыгып кеткени белгилүү болбодубу. Буга карата өлкө бийлиги кандай чараларды көрүүсү шарт?

-- Тышкы иштер министрлиги Түркиядан расмий маалымат берүүсүн талап кылуусу шарт. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы биздин элчилик расмий кайрылып, эгер Орхан Инанды камакта болсо, аны менен жолугуп, жактоочу менен камсыз кылуусу керек. Ошондой эле элчилик Орхан Инандынын ден соолугун расмий кароодон өткөзүүсү зарыл.

Кыргыз Республикасынын президенти эл аралык “Кызыл жарым ай” жана “Кызыл чырым” коомдоруна расмий кайрылып, Орхан Инандынын ал-абалынан кабар алып туруусун сурануусу керек.

Ал эми башкы прокуратура агартуучунун Кыргызстандан мыйзамыз уурдалып кетүүсү боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү өзүнө алып, Кыргызстандын президенти Орхан Инандынын уурдалып кетүүсүнө шалаакылык менен мамиле кылган күч органдарынын, чек ара кызматынын, УКМК жетекчилерине чара көрүүсү шарт. Иликтөө иштери аяктаганга чейин аталган кызматтын башчылары ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилиши абзел. Ал эми Орхан Инандынын өлкөдө калышкан жакындарынын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер