8 сомун жоготкон 11 жашар баланы автобустун айдоочусу талаага таштап кеткен


Бишкектеги № 7 коомдук автобустун айдоочусу 11 жашар баланын 8 сому жок болгону үчүн унаадан түшүрбөй алып кеткен.
Бул тууралуу өспүрүм баланын энеси белгилүү бир ММК булактарына билдирип, анын 11 жашар уулу жол киресине деген 8 сомун жоготуп жибергенин айткан. Бала автобуска түшүп, жашаган үйүнө жакын аялдамадан түшүп баратып, акчасын жоготуп алганын айдоочуга айткан. Айдоочу балага кыйкырып, аны түшурбөй кайра артка айдап кеткен. Шаардын четиндеги акыркы аялдамага алып барып, бала ыйлаганда аны урушуп, ошол жерге таштап кеткен.
“Биз Достук айылында жашайбыз. Айдоочу баламды Пригородный айылына алып барып таштап салган. Уулум ошондон бери үйгө жөө, караңгыда келген. Анын жанында башка тыйыны жана уюлдук телефону да жок болчу. Бул биринчи эле жолку окуя эмес, коомдук транспорттун айдоочулары тыйыны жок окуучуларды ушинтип орто жолго же таптакыр башка жакка алып барып салышат. Баланын өмүрү 8 сомго бааланып калды беле” деп арызданган.
Ал эми Бишкек шаардык мэриясы бул ишти текшерүүгө аларын убада кылды.
Aryba.kg