Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Макешов: “Министрлер ачык конкурс менен кызматка алынышы зарыл”

Чыңгыз Макешов: “Министрлер ачык конкурс менен кызматка алынышы зарыл”

04-сентябрь, 10:34
407 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жети айдын ичинде мамлекеттик кызматты тейлөөгө бюджеттен 31,6 миллиард сомдон ашык каражат сарпталды. Бул казынанын эң ири чыгым бөлүгү, ал коргонуу жана коомдук тартип, социалдык коргоо, экономикалык маселелер, маданият, саламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдардан ашып түшөт.

Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашалары январь-июль айларында 81,7 миллиард сомду түздү, ал эми киреше 76,9 миллиард сомду гана түздү. Мындай маалыматтарды каржы министрлиги жарыялаган. Ошентип, мамлекеттик кызматтарга чыгымдар экономикалык маселелер боюнча коромжулардан 11 эсе, саламаттык сактоого кетирилген чыгымдардан 18 эсе ашып түштү. Ушул маселелер боюнча оюн угуу үчүн биз экономика боюнча эксперт Чыңгыз Макешовго кайрылдык.

-- Чыңгыз мырза, каржы министрлиги жарыялаган билдирүүгө көз салсак, башка социалдык көйгөйлөргө салыштырмалуу мамлекеттик кызматты тейлөөгө өтө көп чыгым кеткен. Муну кантип азайтса болот? 

-- Эч бир эффект бербеген мамлекеттик кызматтар бар. Мурдагы калыптанган жолду жаңылап, жаңы моделге өтүшүбүз керек. Мамлекеттик кызматтарга конкурс менен гана кабыл алып, мисалы, министрдин ордуна ишке болгон жөндөмдүүлүгүн, тажрыйбасын, билимин сынап, мыктынын мыктысын тандоо зарыл. Баардык эле мамлекеттик кызматкерлер конкурс аркылуу тандалып өтүүсү шарт. Ал ачык конкурс болушу керек. Мен азыр түшүнө албайм, бүгүнкү министрлер кандай критерийлер менен кабыл алынган? Мурдагы эле түшүнүк менен: баягы эле тааныш-билиш, куда-сөөк ж.б. жолдор менен кызматты сатып алышат. Министрлерди, премьер-министрди ачык конкурс менен алышсын. Адегенде гезит беттерине ж.б. ММКларда экономика министринин орду бош экендиги, ал үчүн конкурс өтөрү жарыяланышы керек. Ачык конкурста мыкты гана адис тандалышы шарт. Мисалы, жеке ишканаларда иш билбеген, билимсиз тууганын отургузбайт. Мамлекеттик кызматтар дагы кызматкерлерди конкурс аркылуу кабыл ала баштаганда гана эффективдүү болуп, мынчалык бюджет чыгымына учуроого жол берилбейт. 


Жамиля Нурманбетова 

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер