Акыркы кабарлар
» Коом » Акын Болот Назаровду колдоп чыккан активисттерди милиция кармап...
Акын Болот Назаровду колдоп чыккан активисттерди милиция кармап...
24-январь, 12:25


"Болот Назаровдун сотуна барганбыз. Назаров чыккандан кийин көпкө чейин турган жок, кичине сүйлөп эле кетти. Айбек Назаркулов экөөбүз Ош базарга кетчү машинага түштүк. Чүй-Бейшеналиев көчөсүнөн бизди кармап, Фучиктеги милиция бөлүмүнө алып барышты. Митингде дагы бир бала жүргөн, аны тааныбайм. Ал "ушулар болчу, урду-сокту" деп айтты. Бирок далил таппады. Анан чыктык. Ал бала митингде менин жанымдан кайпактап кетпей жүргөн. Биз митингден жакшы эле тарап кеткенбиз", - деди Шайлообеков.