Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Көптөгөн ишкерлер чет өлкөлөргө бизнестерин которуп жатышат”

“Көптөгөн ишкерлер чет өлкөлөргө бизнестерин которуп жатышат”

22-январь, 09:00
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстанда инвестиция тартууга, ишкерликти өнүктүрүүгө кандай себептер тоскоол болууда?

Арсланбек Кененбаев, финансы боюнча талдоочу:

-- Кайсы бир бизнести ачуу үчүн бир эле эмес көптөгөн бизнесмендерге кандайдыр бир өнөр жай аймагы, аны менен бирге коммуникациялар керек. Азыр бизде энергетикалык каатчылыктан улам көйгөйлөр бар. Бардык эле ишканалар ишенимдүү электр энергиясын ала албайт, ар кимге электр энергиясы берилбейт ж.б. Акыркы убакта электр жарыгынын тез-тез өчүп турушу да бизнеске терс таасирин тийгизип жатат, суу боюнча да көйгөйлөр жаралууда. Коммуникация инфраструктурасы да бар, аны өнүктүрүү керек. Коммуникацияда баары жакшы эмес, мамлекет мунун үстүндө иштеши зарыл.

Акыркы убакта бизнес жааты да тынч эмес. Анткени коррупцияга каршы күрөштүн кесепеттери тийүүдө. Албетте, коррупцияга каршы күрөшүү өтө маанилүү, бирок бул күрөштүн жыйынтыгы зарыл. Көптөгөн ишкерлер чет өлкөлөргө бизнестерин которуп жатышат. Алар бул жерде коркушат, анткени менчикти коргоо жок жана бул тенденциядан тынчсызданышат.

Мамлекеттик кызыкчылык болгондо, соттор, укук коргоо органдары кыйла катаал иштешет. Алар көбүнчө укуктарды бузган же зыян келтирүүчү өтө катаал чечимдерди кабыл алышат. Кимдир бирөө үчүн мыйзамдуулук маанилүү, дагы бирине мүлктүк укуктун ишенимдүүлүгү, башкасына активдерди ак ниеттүү сатып алуучунун институтун коргоо маанилүү. Анан, албетте, 7 миллион адамдан турган Кыргызстандын рыногу өтө кичинекей, бул олуттуу инвесторлор үчүн дайыма эле кызык эмес экенин баары түшүнөт. Демек, биз өзүбүздү Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанды камтыган Борбор Азиянын ийгиликсиздигинин бир бөлүгү катары эсептешибиз керек.

Аймак жана ошого жараша өлкөлөр ортосундагы сооданын жеңил болушу шарт. Азыр бизде өзгөчө Казакстан менен чек арада көйгөйлөр бар. Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан менен кошуна болгондуктан, логистиканы өнүктүрүү керек. Ал эми башка өлкөлөргө, өзгөчө Кытайга экспорттук чектөөлөрдү жоюу боюнча иш алып баруу зарыл. Себеби, Кытайда чоң потенциал бар.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

-- Инвестиция тартуу үчүн адилеттүү сот, калыс укук коргоо органдары керек. Колунда бизнестери бар адамдардын баарын камап, “кустуруу” өнөкөткө айланды. Биринчиден, биздин ички инвесторлорду коргоо зарыл эле. Коргоонун ордуна четинен камап жатышат. Мыйзам бузгандары болсо жоопко тартса болот. Учурда ири компания жана бизнестин баарын эле кубалап, ички инвесторлор рынокко акча салгандан коркуп калышты. Мамиле мындай болгон соң, тышкы инвесторлор албетте чочулайт. Сот, укук коргоо органдары адилеттүү болгондо гана аларга жол ачылат. 30 жыл бою бизнесин алма, мык сатып түптөгөндөр бар. Алар отуз жыл өзүбүзгө ички инвестор болушкан. Эми аларды куугунтуктап, “кустуруп”, камай берсе, сырттан каражаттын кирүүсүн кантип элестетебиз?.. 

Аскар Сыдыков, эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы:

-- Буга өлкөдөгү жалпы эле саясый экономикалык туруктуулук таасир этет. Андан кийин коррупция, ишкерлерге болгон басым-кысым жана коопсуздук. “Менин мүлкүмө кол салынышы мүмкүн” деген ишкерлер капиталын сыртка алып чыгат. Бул жеке эле чет жактан келген инвесторлорго тийешелүү эмес. Биздин тааныштар, тууган-туушкандарыбыз деле “бизнесибизди Казакстанга, Түркияга, Араб өлкөлөрүнө алып кетип атабыз” деп айтып калышат. Себеби, акчанын улуту жок. Кайсы жерде туруктуулук болсо, оюндун эрежеси так аныкталса, ошол жерге кете берет. Бирок шарттарды жакшыртып, чыгып кеткен каражатты кайра кайтарып алганга да мүмкүнчүлүктөр бар...    

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер