“Ак Мөөр Fest–2022” фестивалын Сүйүнбек Касмамбетов көркүнө чыгарды


Дана Абдыбекова башында турган “Кыргыз биримдиги” коомдук уюму, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Ак Мөөр Fest–2022” фестивалы касиеттүү Ысык-Көл жергесинде, Өрнөк айылынын айтылуу “Эдельвейс” эс алуучу жайда 22-24-июль күндөрүндө болуп өттү. Маданий иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана министр Азамат Жаманкулов катышып, фестивалдын маанилүү жагын баса белгилеп, соңунда катышуучуларга сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Сүйүнбек Касмамбетов, мамлекеттик катчы:
-- Оорчулук заманда бизди жеңе албай аябай убара болушат. Ошол учурдагы душмандарыбыздын бир ханы вазирин чакырып алып айтат. “Ай, мунун сыры эмнеде? Алакандай эле эл экен. Тизеге чаап жыгып, жетелеп келе бербейсиңерби? Канча жолу каптадыңар, баарыңар таяк жеп келип атасыңар...” десе, вазири биздин журтту аралап келип ханына: “Ханым, бу кыргыз журтунун баскан-жүргөн жерлери аска-тоолуу муз экен. Жеген-ичкен тамагы асел менен туз экен. Каптап келген душманга кабактары суз экен. Ханым, кечээки байлап келген жүз кызы бүтүн бойдон кыз экен” дейт. Ошондо хан дагы нарктуулугун салып, ордунан ыргып туруп, вазирин тик карап: “Этегин шамалдан башка эч ким ачпаган, эрлерине ок жаңылса аттаган. Абийирин күйөөгө чыккыча сактаган ургаачылары бар улуу журттун ушундай айымдардан төрөлгөн уулдарын биз жеңе албайбыз! Тарткыла артка кайра!” деген экен. Мына, айымдарыбыздын абийири, адеби улуу журтту ушинтип ушу күнгө жеткирип жатат. Алабаканды кармап төрөгөн, баласына бычакты кошуп бешикке бөлөгөн улуу көч ордунан козголгондо, атан төө нарды минип алдына түшүп жөнөгөн, журт башына кыйын күн келгенде эркектери менен теңата болуп элди коргогон. Баардык жерге, бара турган журтуна жолду жолдогон, кулачтап чачын тараган, кубантып күндү карашкан кыздары касиеттүү. Кийгендери кандагай, кыймылдары шамдагай, кыргыздын келиндери касиеттүү. Бүгүнкү кыйын күндө биздин өлкөдөн сырткары чыгып кеткен дээрлик 70-80 пайыз айымдар ишканаларды ачышты, башка өлкөлөргө барып, ошол жерде депутат болушту. Барган жеринин баарына гүл өсүп, кармаган жеринин баары майрам болуп, улуу журтубузду сактаган сиздей айымдарга таазим!
Дана Абдыбекованы айталы, бир эле кыз. Миң эркек кылбаганды жалгыз кылып атпайбы. Эч кимден “жем-чөп” сурабай эле, милдет кылган жок. Азыр дүйнөдө көптөгөн өлкөлөр нарк тууралуу жарлыктарын чыгарып алышты. Биз көрсө ааламдашкан, санариптешкен заманда жок болуп кетпей, атыбызды минип, ак калпагыбызды кийип, ак элечегибизди ороп, өзгөчөбүз, уюткубуз менен алдыга өмүр бою тарыхый эл катары сакталат экенбиз. Бүгүнкү иш-чара аты-заты менен эле өз ийгилигине жетти. “Дана айым ушундай сонун долбоорду жүзөгө ашырды!” деп кыргыздын кыйырына чейин жетери, угулары шек жаратпайт. Дана айым, сизге терең рахмат, ишиңиз илгерилесин! Сизге жардам берген мыкты азаматтарга рахмат! Чачкан күмүштөрү өздөрүнө алтын болуп кайтсын! Өлкөбүз өнүгүп, азыр кырдын учуна чыгып алды. Жакшы жолго түшүп баратабыз. Алгы кепти көп айталы. Сөзүбүз оңолсо, өзүбүз оңолобуз!
Долбоордун урунттуу жерлери
Албетте, аталган долбоордун негизги багыты, максаты – өлкө деңгээлинде кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээки жашоо образдарын чагылдыруу менен улуттун көөнөрбөс тарыхын, санжырасын келечек муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп берүү. Нарк-насилди, көөнө баалуулуктарды жайылтуу жана даңазалоо болуп саналат. Айта кетүүчү жагдай, долбоордун алкагында мыкты бозүй, шырдак, кол өнөрчүлүк, буюм-тайымдардын көргөзмөсү болуп, атайын сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Сулуулар сынагы, автоунаа, Дубайга жолдомо...
Кыргыздын “Ак Мөөрү” сынагында сулуулугу жана билими, акыл көрөңгөсү, касиет ыроологон талантына баа берилип, мыктынын мыктысы табылды. Чынын айтсак, “тойдо кыз жоголот эмеспи”, баары эле ойдогудай болду десек ашыкча кеткен болобуз. “Көч бара-бара түзөлөт” деген ниетти, изги тилекти, асыл максатты тутуналы. Кеченин соңунда гала-концерт жана атайын лотерея ойнотулуп, бери жагы кир жуугуч машина, айфон-13, Дубайга жолдомо жана автоунаанын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Бул долбоордун автору жана уюштуруучусу “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикменин негиздөөчүсү, жетекчиси, “Дана Pro” продюсердик борбордун мүдүрү Дана Абдыбекова болду.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











