Атамбаевдин үй-бүлөсү элге кайрылды
«Тилекке каршы, күтүлгөндөй эле үч жылга жакын абакта отуруу Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун кескин начарлатты. Бул камалганга чейинки жана андан кийинки маалыматтардын салыштырма анализинин негизинде көрсөтүлөт. 2018-жылдагы КТда жүрөк жана тамырлар таза болсо, азыр компьютердик томографияда жүрөктүн ишемиялык оорусу, стенокардия, аорта жана коронардык тамырлардын стеноз менен атеросклерозу аныкталды» дешти жакындары.
Алардын айтымында, 23-марттан кийин Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлап, белдин оорушу бир топ күчөгөн. МРТнын жыйынтыгы ЖАК кызматкерлери анын омурткасын катуу жарадар кылганын далилдеп турат.
Атамбаевге ультра жогорку резолюциядагы эндоскопиядан өтүү жана зарыл болсо, кызыл өңгөчтүн аргон-плазмалык абляциясын кайталоо керектигин билдиришүүдө. Маалыматка караганда, эки операцияны тең биздин өлкөдө жасоого болбойт.
Кайрылуу авторлору Алмазбек Атамбаевдин бүтүндөй дарылоо курсунан, бардык зарыл процедуралардан жана операциялардан өтүшүнө аракет кылышат.
«Бийлик Атамбаевдин эркиндигин, ден соолугун тартып алды. Алар конфискациялоо боюнча мыйзамсыз чечим чыгарып, үйдү алып кеткиси келет. Кайра-кайра кылмыш иштерин ойлоп чыгарышат, күлкүлүү айыптарды коюшат. Бийлик чындап эле мурдагы президентти кыйнап, карга жылаңаяк сүйрөп, омурткасы катуу ооруганына карабай соттун торуна отургузган.Акыркы учурга чейин ал жадагалса медициналык кароодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн да ажыратылган. Ал түрмөдө өлүшү мүмкүн, бирок бийлик аны эч качан тизелете албайт. Алар анын үйүн тартып алышы мүмкүн, бирок мекенин, биз күн сайын сезип жаткан миңдеген кыргызстандыктардын колдоосун жана тилектештигин тартып ала алышпайт» деп айтылат текстте.