Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жээнбековду саясаттан четтетүүнүн артында кандай максат бар?

Асылбек Жээнбековду саясаттан четтетүүнүн артында кандай максат бар?

31-октябрь, 20:25
1 659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оппоненттер тарабынан Асылбек Жээнбековго ар кандай жалаалар жабылганынан улам депутаттык ишмердигин да активдүү жүргүзбөй калганы байкалууда. Башынан “форумчулар” асыла бергени, ортодон бийликтин колтугуна кирип алган кошоматчылар да тымызын сөз таратышып, интриганы кыйла эле “гүлдөтүп” жиберишкен. Натыйжада, Асылбек Жээнбеков көп нерсеге аралашпай, сөз болуудан өзүн окчун кармап, керек болсо парламенттик шайлоого да катышуудан айбыгып калганы айтылууда. “Медалдын эки бети бар” дегендей, бир чети президенттин иниси башкаруу бийлигине аралашпаганы, четтеп турганы менен ашыкча сөздөр тыйылат. Экинчи жагынан алганда, ал таза эле саясаттан четтеп кетсе, анда Сооронбай Жээнбеков ишенимдүү таянычынан ажырайт. Кыргыздын менталитети айкын эмеспи, башынан президенттерди жасалма мүнөздө гана жайгарышып, гипноз таасириндей эле адаштырууга барышат. Андыктан, Асылбек Жээнбеков депутат катары ишмердигин күчөтүп, саясаттан кетпеши керек. Ачык-айкындуулукту коомчулукка айтып турушу шарт. А болбосо оппоненттердин чырагына май чачырап, оюн кылышып, таза эле басмырлоого өтүп алышат...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер