Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Царикаев сөз берип туруп, бирок “депутаттын машинасы” деп көрсөтүп койду”

Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Царикаев сөз берип туруп, бирок “депутаттын машинасы” деп көрсөтүп койду”

17-май, 21:53
615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айбек мырза, кечээ күнү интернет булактардан кайгуул кызматы башкармалыгынын инспектору сиздин айдоочуңузга айып пул салганы тууралуу маалымат тарады. Сиз айдоочунун жанында белеңиз?

-- Биз машина менен кетип атканда, Царикаев деген жакшы кызматкерибиз бар эмеспи, ошол токтотуп, жол четине чыктык. Айдоочуман документтерин сурады, ал керектүү документтердин баарын көрсөттү. Инспектор «эки капталын караңгылатканга уруксатыңар бар экен, алдыңкы терезени болсо уруксатсыз караңгылатып алыпсыңар» деп айтты. Чын эле айдоочум күнгө аллерегиясы болгону үчүн жука пленка (антиблик деп коёт) тартып коюптур. Аны мен деле билбептирмин. «Алып таштагыла» деди, айдоочум кол коюп берди. Бүткөндөн кийин айдоочум “колумду коюп бердим, айып пулду төлөйм, пленканы ордунан жок кылдым, бирок сиздер да мына бул тартып алган видеону соцтармакка койбоңуздар, сураныч” дептир. Алар “макул, койбойбуз” деп кетишкен. Бирок… Мен өзүмдүн депутат экенимди айткан жокмун, күбөлүгүмдү да көрсөтпөдүм. Жөнөкөй жаран, жүргүнчү катары эле жанында отурдум. Себеби, коомго башкача түшүнүк кетип калбасын дедим. «Царикаев, азаматсың, жакшы иштеп атасың!» деген гана сөзүмдү айттым. Болгону ушул эле. 

-- Тонировканы ошол жерден сыйрытыштыбы?

-- Ал жерде мындай экен да, “караңгылаткычты алып таштайбыз деп айдоочуга кол койдурду. Анан алып туруп, айып пулун да салды окшойт. Биз эч кандай жол эрежесин бузган да, бирөөгө жаман сүйлөп, талашып-тартышкан дагы жокпуз. Биз маселени өз жеринде эле чечип кеттик. Бирок, Царикаев сөз берип кеткенден кийин ал окуяны коомчулукка чыгарып, депутаттын машинасы деп жаманыраак жагына көрсөтүп койду да..

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер