Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдар Маманов Кадамжайдын сыймыгы эле...

Айдар Маманов Кадамжайдын сыймыгы эле...

05-март, 21:16
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тарыхка кызыккан жердештерибиз жакшы билгендей, Кадамжай районунан кезегинде Кыргызстанга белгилүү мекенчил, ички дүйнөсү таза далай улук инсандар чыгышкан. Ырчылардан Молдо Нияз, Туяк, Абдимомун, Анарбай апыз, Абдырахман баштаган таланттар, мамлекетти кураган Полот хан, Абдыкадыр Орозбеков, Абсамат Масалиев баштаган бабалар, аталар районубузду сыймыкка бөлөштү. Алардын катарын бүгүнкү окумуштуулар менен ишкерлер, педагогдор, маданият кызматкерлери да толукташууда. Бүгүн колу жеңил врач, Кыргызстандын түштүгүнө гана эмес жалпы өлкөбүзгө таанымал ак халатчан шыпаагер Айдар Маманов авабыз тууралуу сөз кылуунун учуру келип турат. 

Каарманым менен бир айылда, бир маалледе чоңойдук. Анын ата-теги өз доорунда ислам динин жайылткан Гулмурза, уулу молло Жалил авалар калк арасында кадыр-баркы зор, таза иштеп, адал жашашкан даңазалуу адамдардан болушкан. Булардын уулу Мамасыдык жана келини Күмүш апа да жакшы тарбия көрүшүп, Пүлгөн айылында гана эмес райондогу абыройлуу адамдар эле. 

Элибизде “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, Күмүш апанын чоң уулу Ысмайыл ава Фрунзедеги дене тарбия институтун ийгиликтүү аяктап келип, жаш муундарга татыктуу тарбия, терең билим берип жүрүп, кокусунан эле оорунун айынан кырктын кырынан эми гана ашканда кайтыш болуп кеткен. Ал эми кичүүсү Аскарали да жогорку билим алып, жакшы иштеди. Жалгыз кыз Саламат апа да ак эмгеги менен кадыр-барк тапкан аял.

Ал эми биз кеп учугун чубаган Айдар Маманов мектепте аябай жакшы окуп, коомдук иштерге активдүү катышып, терс көрүнүштөрдөн оолак жүрүп, үлгүлүү жүрүш-турушу, мыкты таалим-тарбия алышы, билимге чын дилинен берилгендиги жана карапайымдыгы менен оозго алынганын биз, төмөнкү класстын окуучулары жакшы билебиз. Союз убагында мектеп окуучуларын чарбалардын пахта теримине, гозолорду жегенелөөгө, чөп чабыкка, атүгүл талаалардын ташын тергенге да алып бара берчү. Айдар акем күнүнө 100 килограммдан ашырып пахта терип, мелдеште кол саат утуп алганын унутпайбыз. 1971-жылы Фрунзе районунун борборундагы Ломоносов атындагы кыргыз орто мектебин мыкты бүтүрүп, Фрунзе шаарындагы медициналык институттун дарылоо факультетине өз күчү менен өтүп кеткен. Анын классташтарынан бул барктуу окуу жайга төрт окуучу кабыл алынган. Менимче, борборубуздагы эң татаал, сабактары оор институттар медициналык, политехникалык жана айыл чарбасы боюнча жогорку билим берген илим ордолору эле. Анда азыркыдай шарт жок, техникалык жабдуулар, компьютерлер менен уюлдук телефондор жайылтыла элек заман болчу. Адамзаттын ден соолугун чыңдоо боюнча лекциялар, практикалар Фрунзенин ар кайсы тарабындагы ооруканалар менен шыпааканаларда өткөрүлүп, негизинен блокноттор менен чоң дептерлерге жазыла турган. Ушундай шартта мыкты мугалимдерден билим алышкан жүздөгөн дарыгерлер Кыргызстандын гана эмес шериктеш өлкөлөрдөгү миңдеген замандаштарыбыздын өмүрүн сактап калууга же оорулардын алдын алууга, жеңилдетүүгө салмактуу салымдарын кошушту. 

Айдар Маманович 1977-жылы медициналык институтту жакшы аяктап, бир жылдык интернатураны өтөө үчүн Ош облустук оорукананын хирургия бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ал жерде устаттарынан шыпаагерликтин сырларын талбай үйрөнүп,  акырындап отуруп реанимация бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. Окурманга эскертчү жагдай, “реанимация” деген латын термини кыргызча организмди кайра жандандыруу деген маанини берет экен. Бул саламаттык сактоодогу эң татаал, оор, түйшүктүү бөлүм десек таптакыр жаңылышпайбыз. Ал өмүрүнүн аягына дейре, же 45 жыл бою Ош облустук ооруканасында талбай иштеп, анын 20 жылын реанимация бөлүмүн ийгиликтүү жетектеп келди. Бул мезгилдин ичинде кадамжайлыкмын деген адамдардын дээрлик бардыгы эле Ошко аны издеп барып кайрылыша турган. Шыпаагер ар бир бейтапты көңүл коюп угуп, текшерип, кеп-кеңешин берип келди. Гиппократтын антына турду. Өзүнүн карапайымдыгы, иштемчилдиги, адамдарды улутка жана урууга бөлбөгөндүгү, атак-даңкка, байлыкка, дүнүйөгө умтулбагандыгы менен мазмундуу, өрнөктүү жашап өттү. Өзүнүн өмүрүн кыйган ооруну да билген экен. Анын ылаажысы калбаганда ажалга тике караган.

Айдар аке эмгектенген бөлүмгө барып, анын ордун баскан шакирттери Айбек Насыров, Акбар Муратов, Маратбек Надиров, Ноокендеги кесиптеш досу Оторбек Сүйөркулов, классташтары Жамийла Дастирова, Абий Исматов баштаган ондогон адамдар менен баарлашып, бийик маданиятын, жөнөкөйлүгүн, чыдамдуулугун, мекенчилдигин баамдадык. Колунун тазалыгы, боорукерлиги, күйөрмандыгы  элдин эсинде калды. Каарманым эч кандай бийликке, жогорку кызматка, депутаттыкка кызыккан жок. Жаштайынан астына койгон максаты дарыгерликти актап, миңдеген инсандардын алкышына, ак батасына арзыды. Анын алган сыйлыктары толтура. Кадамжай шаарынын ардактуу атуулу болду. “Саламаттык сактоонун мыктысы”. Көптөгөн чет өлкөлөргө барып тажрыйба алмашып, айрымдарынан үйрөнүп келди. Анын улуу кызы Гүлмира мугалим болсо, уулу Каныбек юрист. Кенже кызы Дилбар ата кесибин улантып кардиолог врач. Небереси Дарыйка да доктур болуп эмгектенет. Байбичеси Замира апа тогуз небересинин кашында ардактуу эс алууда. 

Эгер тирүү болгондо Айдар Маманов быйыл май айында 70 жашка толмок эле. Не дейбиз, адамдын өмүрү ар кыл болот тура. Бири көп, бири аз күн кечирет дегендей. Менимче, ушундай асыл инсандар эл арасында унутулбай узакка кеп болуп кала беришет. Ушундай адамдар арбын болгондугу үчүн Жер эне өз огунан чыгып кетпей күн кечирип келе жатабыз. Мындай улук инсандардын ысымы Кадамжай районунун борборундагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылса оң болот беле (?) деген пикирдемин.


Адылжан Жажанов, Кыргызстан жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү  
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер