Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ата Мекен” партиясынан аттангандарга “аңчылык” башталабы?

“Ата Мекен” партиясынан аттангандарга “аңчылык” башталабы?

18-июнь, 12:13
1 057 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башка саясый күчтөрдөн айырмаланып, “Ата Мекен” партиясы шайлоого карай даярдыгын ачык жана ыкчам баштады. Каражат маселесинен каржалып турушса да, коомчулук астында пиар кампаниясы демдүү чыгып, катарлары жаңыланганы шардана болду. Дагы да белдүү саясатчыларды тартууга аракет кылып атышкан өңдүү. 

Айрым маалыматтар боюнча, “Ата Мекен” партиясына “аңчылык” идеясы каңкууланды. Парламенттик шайлоого чейин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду соттолуучу катары оюндан чыгарышып, Темир Сариевге да куугунтук башталары, Рыскелди Момбековдун “Учкундагы” иштери казылары ыраспы? Ал эми берки жаш балдарды ар кандай амалдарга салышып, алдашып, же моралдык-психологиялык кысымдар аркылуу жүдөтүшөрү алдыртан болжонууда. Ошентип, шайлоого чейин “Ата Мекенге” чогулгандарды бириндетип таратууга билектерин түргөндөр ишке киришкени калды окшойт. Туруштук беришеби, же чилдей тарап кетишеби?..

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер